Бүгүн, 9-сентябрда саат 23:00дөн өтүп Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салыша турган партиялар чүчү кулак алышты. Бул чүчү кулак алардын шайлоодогу катар номурун аныктайт. БШКнын жумушчу тобу партиялардын катталган убактысына ылайык, партия өкүлдөрүн чакырышып алар бирден чыгып сандар жазылган шарчаларды алышты.
Ага ылайык:
№1 "Биримдик"
№2 "Мекенчил"
№3 "Ыйман нуру"
№4 "Мекеним Кыргызстан"
№5 "Реформа"
№6 "Ата Мекен"
№7 "Замандаш"
№8 "Бүтүн Кыргызстан"
№9 "Социал-Демократ"
№10 "Мекен Ынтымагы"
№11 "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы"
№12 "Ордо"
№13 "Бир Бол"
№14 "Республика"
№15 "Кыргызстан"
№16 "Чоң Казат"
№17 Баарына каршы.