Башкы прокуратура шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Башкы прокуратура төмөндөгү категориядагы жарандардын үгүт иштерин жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт.
Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурстарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген", - деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан республика боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, ички иштер органдары тарабынан каралып жатканы маалымдалат.