Шайлоо 2020: Саясий партиялардын теледебаттары кандай тартипте өтөт?

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосунда акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөргөн.

Ага ылайык, КТРК каналындагы теледебаттар төмөндөгү тартип менен өтөт:

  1. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер партиялардын кайрылуусу - 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин;
  2. Талапкер партиялар менен түз байланыш - 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин;
  3. Лидерлер теледебаты - 28-сентябрдан 2-октябрга чейин;
  4. Айым талапкерлердин теледебаты - 21-23-25-сентябрь;
  5. Жаштар теледебаты - 14-16-18-сентябрь;

ЭлТР каналындагы теледебаттар төмөндөгү тартип менен өтөт:

  1. Талапкер партиялар менен түз байланыш - 14-сентябрдан 18-сентябрга чейин;
  2. "Элге эмне дейсиз?" программасы - 28-сентябрдан 2-октябрга чейин;
  3. Лидерлер теледебаты - 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин;
  4. Партиялар теледебаты түз эфир - 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин;

(Теледебаттардын күнү, убактысы сүрөттө көрсөтүлгөн).

Саясий партиялардын ортосунда акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак кармоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясы катышпай калган. Буга байланыштуу бул партия ар бир графикте 16-сентябрга кошулганын, ал эми убактысын телеканалдар өздөрү чечишерин БШКдан билдиришти.

Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mister-X
2020-09-10 20:44:49
Бутун Кыргызстан партиясын корбой турам го...
+1
bbek
2020-09-10 20:59:32
Бутун Кыргызстандан баары коркот ошого аны кошпогон.алар баарынын айыбын ачып салат
+1
Genka
2020-09-10 22:31:26
Бутун Кыргызстан менен дебатка чыгышка эч кимдин духу жетпейт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан