"Кыргызстан" партиясы: Европага жол – ВСП+

"Кыргызстан" партиясы:

Европага жол – ВСП+ 2016-жылдын башында Европа биримдиги Кыргызстанга жалпы жеңилдиктер системасын колдонуучу - ВСП+ макамын берип, өндүргөн товарларын Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмдөрү жок алып кирүүгө уруксат берген.

2019-жылдын аягында Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен болгон тышкы соодасында кыргыз товарларынын экспорту (894 миллион доллар) Европанын импортуна караганда (341,3 миллион доллар) басымдуулук кылат. Баарынан көп Улуу Британияга - 833,2 миллион доллар, Литвага - 17,1 миллион доллар жана Германияга - 8,6 миллион долларга бааланган товар экспорттогон.

Негизинен Кыргызстандан ЕБ өлкөлөрүнө айыл чарба продукциялары экспорттолот: бал, буурчак, козу карындар, жаңгактар, жашылча-жемиштер, кургатылган жемиштер, ошондой эле жүндөн, булгаарыдан жасалган буюмдар, кездемелер, тамеки жана пахта. Бирок кыргыз бийлиги Европа Бирлиги тарабынан Кыргызстанга берилген ВСП + мүмкүнчүлүгүн толук кандуу колдоно албай келет.

Берилген мүмкүнчүлүктү 5-7%га гана пайдаланып, 3 жылдын ичинде биз укмуштуудай ийгиликтерге жетише элекпиз. Кыргызстан өндүргөн товарларын Европага рыногуна жеткирүүдө чыгымдардын көптүгү, товарлардын сапатынын европалык стандарттарга шайкеш эместиги, эл аралык сертификатты алуудагы кыйынчылыктар экспорттоо мүмкүндүгүн толук кандуу пайдаланууга бут тосуп келет. Буга улай эле аралыктын алыстыгы, логистикалык борборлор жана инфраструктуранын начардыгы себеп.

ВСП+ тутуму Кыргызстанга берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдосок, киреше эле эмес, өлкөнүн беделин жогорулатуу сыяктуу бир катар артыкчылыктарга ээ болмокпуз. Ошол эле учурда ЕБ Кыргызстанга инвестиция салган негизги эл аралык донорлордун бири бойдон калууда. Ошондуктан өлкө бул өнөктөштүктү сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүшү керек.

“Кыргызстан” партиясы максатка жетүү үчүн төмөнкүлөр зарыл деп эсептейт:

- Кыргызстандын экспорттук продукциялары жөнүндө маалыматты ЕБ аймагындагы импорттоочулардын каталогдоруна жана маалымат базаларына киргизүүнү камсыз кылуу;

- ЕАЭБ жана ЕБ алкагындагы талаптарга жана улуттук талаптарга ылайык "Бирдиктүү терезе" маалымат тутумун модернизациялоо;

-Экспорттоо үчүн артыкчылыгы жогору өлкөлөрдө жана уюмдарда соода өкүлчүлүктөрүн түзүү боюнча ишти уюштуруу;

- Кыргыз Республикасынын тышкы өкүлчүлүктөрү ачылган ЕБ өлкөлөрүндө, инвестицияларды жана эл аралык өнөктөштөрдү тартууга багытталган иш-чараларды (бизнес форумдар, жарманкелер, көргөзмөлөр, бет ачарлар) уюштуруу боюнча ишти күчөтүү.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond
2020-09-10 12:15:58
Экспортко Кыргызстан партиясынын кыпындай да тиешеси жок Англияга алтын экспорттолот ошого коп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан