Шайлоо фондунан кайсы партия канча акча чыгымдады?

Шайлоо фондунан партиялар канча каражат коротту? Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын эсебине которулган каражат жана анын канчасы чыгымдалгандыгы тууралуу маалыматты жарыялады. Бул 4-сентябрга карата көрсөткүч.

  • "Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма 64 миллион 828 миң 998 сом. Коротулганы - 62 миллион 182 миң 690 сом;

  • "Социал демократтар" партиясынын шайлоо фондуна 7 миллион 349 миң 110 сом которулган. Коротулганы - 7 миллион 310 миң 448 сом;

  • "Бир Бол" партиясынын эсебинде 32 миллион 470 миң 990 сом деп көрсөтүлсө, коротулганы 29 миллион 283 миң 465 сом;

  • "Республика" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 17 миллион 243 миң 500 сом, чыгымдалганы - 14 миллион 440 миң 112 сом;

  • "Биримдик" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 97 миллион 399 миң 900 сом болсо, анын ичинен 85 миллион 527 миң 751 сому чыгымдалган

  • "Чоң Казат" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине которулган сумма 6 миллион 162 миң 914 сом болсо, чыгымдалганы 6 миллион 38 миң 446 сом;

  • "Мекенчил" партиясынын шайлоо боюнча эсебинде 9 миллион 612 миң 724 сом болсо, чыгымы 8 миллион 92 миң 410 сом;

  • "Ата Мекен" партиясынын шайлоо фондунда 35 миллион 619 миң 996 сом. Ал эми партия короткон сумма 30 миллион 484 миң 783 сом;

  • "Реформа" партиясынын шайлоо эсебине келип түшкөн каражат 6 миллион 361 миң 469 сом, чыгымы - 6 миллион 78 миң 218 сом;

  • "Кыргызстан" партиясынын шайлоо эсебиндеги каражат - 68 миллион 474 миң 22 сом, коротулганы - 61 миллион 679 миң 668 сом;

  • "Ордо" партиясынын атайын эсебине 5 миллион 925 миң сом которулган. Ал эми коротулган каражат - 5 миллион 921 миң 946 сом;

  • "Мекен Ынтымагы" партиясынын шайлоо фондуна которулган акча - 6 миллион 480 миң 700 сом, чыгымы - 6 миллион 94 миң 886 сом;

  • "Замандаш" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине 31 миллион 47 миң сом которулган. Партия короткон каражат 27 миллион 304 миң 678 сом;

  • "Ыйман нуру" партиясынын шайлоо эсебине 6 миллион 16 миң 350 сом которулса, 5 миллион 927 миң 787 сому коротулган;

  • “Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынын" шайлоо боюнча атайын эсебине 7 миллион 624 миң сом которулса, анын ичинен 7 миллион 275 миң 765 сом чыгымдалган.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Maksat_ad
2020-09-10 12:25:14
Акчанын баары шайлоодого
0
Tymar
2020-09-10 12:30:42
Соке эч качан таза шайлоо откорбойт. Соке кетсин. Келип жаткандар мурдагы эле саткындар. Элге эч бир жакшылык кылбайт. Баарды депутат деген статус учун келип жатышат. Баарына каршы добуш бериш керек
+4
nazarnew
2020-09-10 12:47:45
Ойлошум боюнча, ким көп акча кетирген партиялар утат окшойт, уже көпчүлүк эл сатылып кетиптир, акча жайкы кыйынчылыктарды да утуттуруптур, 6 партия гарантия өтөт; биримдик, мекенчил Кыргызстан, ата мекен, бир бол, Кыргызстан и замандаш, акчанын расходун карап эле результат чыгарса болот. Калганы кыйкырышкан боюнча кала беришет.
+1
Senator
2020-09-10 14:13:06
Карупсия Ким тарапта экенин тушундунорда кыскасы акчаны салыштыргыла туугандар
0
zzz---zzz
2020-09-10 14:46:33
Ушул акчаларды чек араны тоскону, же пандемия учурунда кабыргасы кайышып бир кесим нанга зар болгондорго бербейт беле. Же Кыргызстанга оорукана салып бербейт беле ортодо. Эми өздөрүн реклама кылып элдин добушун арам акчага сатып албай.
+1
lenovo820
2020-09-10 19:56:46
Бүтүн Кыргызстан жокко. Же алардын бюджети жокпу??
+3
Tyty1990
2020-09-11 14:05:07
lenovo820,обедке пирожки алып жеген боюнча жүрүшөт
+1
sultan_bek
2020-09-11 11:11:05
Баарына каршы берип бироо да отпой калса экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан