Шайлоо 2020: "Ыйман Нуру" жана "Чоң Казат" партияларынын тизмесинен 3 талапкер чыгарылды

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Ыйман Нуру" партиясынын катталган тизмесинен эки талапкерди, ал эми "Чоң Казат" партиясынан бир талапкерди тизмеден чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тизмеден чыгууга талапкерлердин өздөрүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүлөрү негиз болгон.

"Ыйман Нуру" партиясынан Кубанычбек Турдукожоев жана Руслан Кожобаев чыгарылса, "Чоң Казат" партиясынын тизмесинен Марьяна Володина чыгарылган.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоого катышуу үчүн БШК 16 партияны каттады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан