Шайлоо-2020: Улан Примов: "Биримдик" партиясы аймактардын социалдык маселелерин чечүүнү көздөйт

“Биримдик” Демократиялык социализм - Евразиялык тандоо саясий партиясынан шайлоого аттанган талапкер Улан Примов Алай районунун Будалык айыл аймагынын Октябрь, Кум-Шоро, Кара-Суу жана Оро-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту.

Примов үгүт иштерин ата журтунан баштоону туура көргөнүн айылдыктар менен болгон маегинде айтты. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, кичи мекенинин тургундарынын батасын алгандан кийин Улан Примов үгүт иштерин баштоону туура көргөн.

Талапкер “Биримдик” партиясынын платформасы тууралуу тааныштырып, анын максаттары тууралуу кенен айтып берди. Айылдыктар негизги маселелерден пенсия, жөлөк пул албагандар да бар экенин айтышты. Мындан сырткары Примов жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн социалдык көйгөйлөрү тууралуу угуп, буюрса парламенттен бийликке ар бир маселени жеткирерин убадалады.

Примов ошондой эле партиянын социалдык саясаты тууралуу айтып: «Бул жерде эң башкысы, мамлекет тарабынан калктын акчалай кирешесинин өсүшүнө багытталган, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн баарынан жогору турган так саясат жүргүзүлүүдө.

Бул чөйрөдө биздин негизги милдеттерибиз социалдык адилеттүүлүктүн принциптерин камсыз кылуу; калкты толук жумуш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү; убактылуу жумушсуз калган жарандарга жөлөк пулдарды мыйзамга ылайык, бирок минималдуу керектөө себетинен төмөн эмес өлчөмдө төлөө; жарандардын адилеттүү эмгек акыга болгон укугун ишке ашыруу; адамдардын тамак-ашка, турак жайга, кийим-кечеге жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон биринчи муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берген деңгээлде минималдуу эмгек акыларды жана жөлөк пулдарды белгилөө», - деди.

Мындан тышкары тургундар акыркы убакта элди түйшүккө салган медицина тармагын жана жаштардын ден соолугун чыңдоо борборлорун өкмөткө жеткирип берүүнү өтүнүштү. “Чоң-кичине ар бир кызмат очогунун куруучусу ал очоктун эмне максатта курулгандыгын улам эстеп турса, иш өз нугу менен жүрүп, жемиштүү болот”, - дейт Улан Примов.

Алай эли “Биримдик” Демократиялык социализм - Евразиялык тандоо саясий партиясынын талапкери Улан Примовду чын дилден колдоо ниетин билдиришти. Будалыктар Улан Примовду узатып жатып, ыраазычылыктарын айтып, ак баталарын беришти.

Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. Дареги: Бишкек шаары, Разаков көчөсү 4.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Amai
2020-09-10 20:05:19
эски мурдагы лапшагондор партиясы кайра эле чимкириктер.
0
Bakbai
2020-09-10 20:35:50
Amai,кечиресин .Улан Пиримов Алайдын сыймыгы эн Алайдын элин колдогон . Инсан 5 жыл ичинде жакшы эле жардам берди Азаматсын Улан Пиримов биз сизди колдойбуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан