"Кыргызстан" саясий партиясы КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугушту

8-сентябрда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү “Кыргызстан” партиясынын борбордук штабына барышты. Бул тууралуу саясий партиядан билдиришти.

КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын демократиянын өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институтунун аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Роман Амбурцев жана институттун эксперти, юридика илимдеринин доктору Роман Ромашов «Кыргызстан» саясий партиясынын иши менен таанышты.
Партиянын штаб башчысы Канатбек Тургунбеков конокторду штабдын түзүмү жана ишмердүүлүгү менен тааныштырып, үгүт иштеринин жүрүшү, программанын тезистери, ошондой эле партияны каттоого байланыштуу сот процесстери жөнүндө айтып берди. Байкоочулар штабдын ишинин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешти.

Мындан тышкары тараптар парламенттик шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү боюнча биометрикалык технологияларды колдонуу маселесин талкуулашты.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан