«Замандаш» партиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады. Жалпысынан 156 талапкер катталган, алардын көпчүлүгү калың элге таанылган инсандар. Партиянын курамына саясатты, экономиканы терең билгендер, генералдар, ийгиликтүү ишкерлер, дарыгерлер, мугалимдер, бир канча тилди өздөштүргөн жаштар, дегеле өз ишин мыкты билген инсандар топтолгон.
Сатыбалдиев Эльмурза
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
Ормонов Улугбек
2007-жылы Жогорку Кеңеште миграция комитетин жетектеп турганда миграция боюнча мыйзам жазып, Урал, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Екатеринбург өңдүү көп шаарларда миграциянын өкмөттүк өкүлчүлүгүн түзгөн.
1997-жылы “Дастан” заводунда директордун орун басары болуп турганда, жумушчуларга 700 сомдон айлык таратып, өзү 70 сом маянага иштеген. Алардын ичинде Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгына, достугуна чоң салым кошкондугу үчүн Петр Великий Ордени менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Жайлообаев Айбек
Чет өлкөдө билим алган, Түркиядагы полиция академиясын бүтүргөн. Кыргыз, орус, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. “Ат-Башы” коомдук фондунун негиздөөчүсү. 12 жылдан бери билим берүү, спорт, маданият, теология жана жашылдандыруу багытында коомдук иштерди алып барып келет. Көптөгөн кылмыш иштердин бетин ачкан. Өз ишинин мыкты адиси. Аймактардагы окуучуларга жетишсиз китептерди сатып берип, мугалимдердин квалификациясын көтөрүүгө жардам берип келет. Футбол, волейбол, шахмат, күрөш жана көк бөрү боюнча турнирлерди уюштуруп, дени сак муунду тарбиялоого кызыкдар экенин далилдеп келет.
Шамиев Рыскелди
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылынан чыккан Кыдыр акенин чөбөрөсү. Бабасынын “Калыстыктан тайбай, калп сөздү айтпай, элге жарык жүзүм менен кызмат кылам” деген сөзүн туу тутуп жашайт.
Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине каттатуу демилгесин көтөрүп чыккан.
2019-жылы алгачкы жолу кыргыз күрөшү боюнча Азиянын ачык чемпионатын өткөргөн.
III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөштөн биринчиликти алгандарга кадимки курдун ордуна кымбат баалуу таштардан жасалган, калкан берүү идеясын ишке ашырган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Мамбетсеитова Гүлнара
Гүлнара Мамбетсеитова 1969-жылы 28-мартта Нарын шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.
Адылбеков Увазарбек
Увазарбек Адылбеков 1968-жылы 8-июлда Фрунзе шаарында туулган. Ж.Алкснис атындагы Рига жогорку аскер авиациялык инженердик мектебинин учактарды башкаруу факультетин аяктаган.
Карабаева Мухаббат
Мухаббат Карабаева 1959-жылы 28-сентябрда Ош шаарында төрөлгөн. Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетин физика мугалими адистиги боюнча аяктаган.
Саралаев Тимур
Университетте саясат таануу боюнча сабак берип, 12 жыл иштеген. Айлык маянасынын аздыгынан, негизги жумушунан тышкары таксист болуп иштеген. 5-класста бир нече ай "Аламүдүн" базарына чыгып, күн сайын 1 каптан нан саткан.
Денисенко Галина
Галина Денисенко 1961-жылы 23-мартта туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган.
2005-2006-жылдары Чүй районунун Юрьевка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун үй-бүлөлүк дарыгери. Галина Денисенко жогорку категориядагы дарыгер.
Жаманкулов Сагынбек
19 жашында СССРде спорттун эркин күрөш түрү боюнча чебер аталган.
"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 10-сентябрь 2020-жыл.