"Кыргызстан" партиясы: “Фермерлерди кооперативдерге бириктиребиз!”

"Кыргызстан" партиясы жеке фермерлер менен кооперативдерди бириктирүүнү сунуштайт. Анткени өлкө агрардык мамлекет болгону менен айыл чарба тармагынын азыркы абалы замандын талабына жооп бербейт.

Союздун кулашы менен айыл чарба багытындагы жерлер менчикке берилген. Учурда айыл чарба продукцияларынын негизги өндүрүүчүлөрү жеке фермерлик чарбалар жана майда чарбалар.

Алар жалпы айыл чарба продукцияларынын 98,4 пайызын өндүрөт. Ал эми мамлекеттик чарбалардын үлүшүнө 1,6 пайыз туура келет.

Айыл жерлеринде өлкө калкынын үчтөн эки бөлүгү жашайт. Бирок айыл чарбасында эмгектенген бир адам 13 гана адамга жете турган продукция өндүрө алат, башкача айтканда эмгектин өндүрүмдүүлүгү аз.

2018-жылы айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнгөнүнө карабай, өндүрүлгөн азыктар экспортко кетпей келет. Мунун башкы себеби чарбалардын өтө майда болуп жаткандыгы.

Практика көрсөткөндөй, майда чарбалар технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан кол эмгеги менен гана чектелип жатышат. Мындан улам алардын өндүрүмдүүлүгү жана кирешеси аз болуп, айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнө түрткү боло албай жатышат.

Фермерлер өндүргөн продукциялар өздүк керектөөдөн ашпайт. Албетте, бул айыл чарбасынын экономиканын өсүшүнө тийгизген таасирин азайтат.

"Кыргызстан" партиясы төмөнкүлөргө көңүл бурат:

"Кыргызстан" партиясы майда чарбаларды бириктирген ассоциация, кооператив жана башка уюмдарды түзүүнү сунуштайт.

Биздин сунуш менен мамлекет дыйкандарды иш жүргүзүүдө колдоо үчүн мамлекет аларга субсидия же жеңилдетилген насыялоонун жаңы механизмин иштеп чыгат.

Биз айыл чарба министрлигинин ишин эффективдүү аткаруусун талап кылып, аймактарды сугат суусу менен өз убагында камсыз кылууну жана ирригациялык инфраструктура курууну тездетүүнү көзөмөлдөйбүз.

Биз айыл чарбасын өнүктүрө турган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп, кошумча инвестицияларды тартуу жана илимий методдордун колдонулушуна басым жасайбыз.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Felice41
2020-09-11 16:58:41
Алдар көсөлөр, силер жеке өзүнөрдү эле ойлойсунар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан