"Кыргызстан" партиясынан талапкер Эрмек Нургазиевдин расмий билдирүүсү

"Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрмек Нургазиев адвокатка кол көтөрдү делген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Эрмек Нургазиевдин айтымында, “Альянс Курулуш” компаниясынын коомунун үлүш ээлеринин кызыкчылыгын коргойт делген адвокат жаңжалды атайын уюштурган.

“Бул окуя 2019-жылдын 7-сентябрында болгон. Мен кооперативдин төрагасы болуп шайланган Бишкектин 8-кичи районундагы объекттин жер төлөсүн "Капитал Плюс" микрокредиттик компаниясы камакка алмакчы болгон. Ошол күнү үлүш ээлери менен болгон жолугушууга ал адвокат эч ким чакырбаса дагы келген. Бирок ал чагымчылдыкты алдын-ала пландаштырып, окуяны видеого тартууга адамдарды даярдап койгон. Сүйлөшүү учурунда ал кырдаалды козутуп, биринчи мени жаакка чаап жиберди, мен дагы эмне кылышты билбей аны чаап жибердим. Белгилей кетейин, ал атайлап күтүлбөгөн жерден ачык чагымчылдыкка барган. Бул окуядан кийин ал милицияга арыз жазган. Мен дагы арыз жаздым. Ошол эле күнү милицияга күбөлөр менин сөздөрүмдү тастыкташты. Ошентип чыр-чатак жөнгө салынган.

Бул окуядан бир жыл өткөн соң адвокат менин парламенттик шайлоого аттангандыгымды билип, бул окуянын видеосун жарыялап жатат. Ал видеодон мени жаакка чапкан бөлүктү кесип салып, окуяны башка өңүткө буруп, шайлоо өнөктүгүмө тоскоолдук кылууну көздөөдө.

Насыя алган адамдар төлөмдөрдү кечиктирген үчүн «Капитал плюс» микрокредиттик компаниясы насыя алуучуларды сотко берип, күрөөгө коюлган мүлктү камакка алышкан. Ошентип алар “Альянс Курулуш” курулуш компаниянын мүлкүн камакка алышып, натыйжада 600 үй-бүлө жабыркаган. Жабыр тарткандар аны адвокат кылып жалдашат. Ал үлүшчүлөрдүн укугун коргогону менен «Капитал плюс» микрокредиттик компаниясы менен кызматташкан.

2018-жылы "Альянс Курулуш" курулуш компаниясынын директору камалган соң үлүш ээлери мен баштаган турак-жай курулуш кооперативин каттоодон өткөрүп, имаратты бүтүрүп берүүмдү суранышты. Бирок «Капитал Плюс» компаниясы, анын ичинде адвокат буга бут тосушту. Алар үчүн үйдүн курулушу бүтпөй, сот аркылуу аларга өтсө пайдалуу болмок”, – дейт Эрмек Нургазиев.


“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан