Ильяс Суванов: "Парламентке келсек билим берүү системасында чоң реформаларды кылганга даярбыз!"

Бүгүн «Замандаш» партиясынын талапкерлери Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодск айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууга Искендер Гаипкулов, Гүлнара Мамбетсеитова, Увазарбек Адылбеков, Жакшылык Матанов жана Ильяс Суванов келди. Биринчилерден болуп Искендер Гайпкулов партиянын түптөлүшү жөнүндө айтып берди.

Искендер Гаипкулов өлкөгө эффективдүү мыйзамдар кабыл алынышы, чоң реформаларды жасоонун убактысы келгендигин белгиледи.

“Партия буга чейин шайлоодо утулуп келгенине карабастан шайлоодон кийин да өзүнүн иш-аракеттерин жүргүзүп келет. Пандемия учурунда эл менен бирге болдук, 6-чакырылышты эл жактырган жок, мен да элдин оюна толук кошулам, эмне үчүн «Замандаш» партиясын тандадым, анткени мен Мамашева, Ормонов, Умбеталы Кыдыралиев, Мелис Турганбаев, Эльмурза Сатыбалдиев менен лидерибиз Жеңиш Молдокматовго шайлоого чогуу баралы деген сунуш кылдык. «Замандаш» партиясында өзүнүн кесибин мыкты билген кесипкөй адамдар бара жатат. Азыркы учурда шайлоого аттанган партиялар элге көптөгөн мектептерди, бала бакчаларды куруп беребиз, жолдорду салабыз деген куру убадаларды беришүүдө. Биздин партия куру убадаларды бербестен, айтканын аткарат. Пандемияда биздин өлкө мигранттардын, карапайым элдин жардамы менен бул кыйынчылыктан чыктык. Ата мекендик өндүрүш экспорттоо учурунда зыян тартып жатат, биз ири логистикалык борборлорду курушубуз абзел. Өлкөбүздө мыйзам жакшы иштебегендиктен коопсуздук жагы жакшы каралган эмес, эффективдүү мыйзамдарды кабыл алуу убактысы келди!”

Гүлнара Мамбетсеитова саламаттыкты сактоо жаатында көптөгөн көйгөйлөр турганын, мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн «Замандашта» кесипкөй адамдар бар экенин билдирди.

- “Мен Саламаттыкты сактоо министрлигинде 27 жылдан бери эмгектенип келем, менин оюмча, биздин партиядагы адамдар өзүнүн коомдогу салмактуу орду бар, оор кырдаалдан чыгара турган инсандар «Замандаш» менен аттанышты. Парламентке биздин талапкерлер өлкөнү өзгөртүш үчүн бара жатат. Пандемия өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасы алсыз экенин көрсөттү. «Замандаш» партиясы өзгөчө жаштар менен бирге иштешип, мигранттарга жардам берип келет. Эл 5 жылда бир өлкөнүн тагдырына добушун берет, урматтуу элим, бардыгыңыздар кайдыгер карабастан, шайлоого катышканга аракет кылыңыздар”.

Ильяс Суванов айлана-чөйрөнү коргоо «Замандаш» партиясынын программасынын маанилүү компоненттеринин бири экенин белгилеп, билим берүү системасында чоң реформаларды жасоо керектигин айтып өттү.

"Замандаш" партиясы экологияны сактоого салымын кошот. Көмүрдү керектөөнүн көлөмүн азайтуу үчүн бардык заводдорду, айрыкча өлкөнү газдаштырууну жөнгө салгыбыз келет. Мындан тышкары, жаңылануучу энергия булактарын колдонууга өтүп, райондук деңгээлде күн батареяларын орнотуу керек. Албетте, алар аз энергия өндүрүшөт, бирок бул дагы алдыга кадам.

Билим берүү жааты, дагы деле Советтик Союздун модели менен иштеп келе жатат, так илимдерден тышкары, окуучуларды креативдүү кылууга да предметтерди киргизишибиз абзел. Финляндияда көптөн бери дифференциалдык система ишке ашып келет, албетте, Билим берүү министрлиги реформаларды кылып жатат, бирок абдан жай, биз парламентке келсек билим берүү системасында чоң реформаларды кылганга даярбыз".

"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү «12» сентябрь 2020-ж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан