"Бир Бол" партиясы "Инновациялык реформалардын мезгили" программасын презентация кылды

“Бир Бол” партиясы “Инновациялык реформалардын мезгили” деп аталган стратегиялык программасынын бет ачарын “Жаңы форматтагы лидерлер” форумунда сунуштады. Ага белгилүү эксперттер, саясат таануучулар, өлкөнүн илимий жана маданий интеллигенциясынын өкүлдөрү катышты.

Программанын кыскача мазмуну:

ЭКОНОМИКА ҮЧИЛТИГИ: ИШКЕРЛИК, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА ТУРИЗМ

  • Жылдык айлануусу 8 млн сомго чейинки чакан ишканалар салыктан жана патенттен бошотулат
  • Салык жана бажы иштери санариптештирилип, кызмат 90 секундда көрсөтүлөт

БИЙЛИК ЖАНА БЮДЖЕТТИ БАШКАРУУ АЙМАКТАРГА БЕРИЛЕТ

  • Облустарды жоюп, райондор ирилештирилип, жергиликтүү бийлик айылдык кеңеш шайлаган аймак башчысына берилет
  • Аймактар салыкты өздөрү чогултуп, жергиликтүү бюджет 12%дан 50%га чейин жогорулайт
  • Шайлоочу партияны эле эмес, андагы талапкерлердин бирин тандоого укуктуу
  • Мамлекеттик кызматтардын 70%ы онлайн жүргүзүлөт

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЖАҢЫ ЫКМАЛАР

  • Ваучердик система: ар бир окуучу же студент билим алууга керек акчаны ваучер түрүндө алып, каалаган мектепти жана университетти тандайт. Окуу жайлар ваучер топтоо үчүн билим берүү сапатын жакшыртууга мажбур болушат.
  • 1-класстан баштап программалоо жана англис тили сабактары киргизилет
  • Мектеп директорлорун ата-энелер жана мугалимдер тандашат
  • Өлкөдөгү бардык мектептер интернет, канализация жана ысык суу менен камсыздалат

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО

  • Дарыгерлердин айлыгы жана социалдык пакети 2 эсеге көбөйтүлүп, коррупция жоюлат
  • Ой келди дары жазуу жоюлуп, электрондук рецепт киргизилет
  • Теория менен практиканы айкалыштыруу үчүн университтердин алдында клиникалар түзүлөт

ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ АРКЫЛУУ ЭКОЛОГИЯНЫ САКТОО

  • Желим баштыктарды сатууга тыюу салынып, желим буюмдарды тапшырууга стимул берүүчү механизмдер иштелип чыгат.
  • Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк жолу менен таштандыларды кайра иштетүүчү заводдор курулат

БИР БОЛ! №13 – ЖАРАТМАН КҮЧ!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 12-сентябрь, 2020-жыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан