Бакай-Атанын эли "Кыргызстан" партиясынын талапкерлерин ак бата менен чоң жарышка узатты

"Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоого аттанган талапкерлери бул ирет Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылынын тургундары менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттыкка талапкер Даир Кенекеев партия өзүнүн программасы аркылуу бардык тармакта реформаларды сунуштап жатканын айтты. Бул өзгөрүүлөр кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртып, өлкөдө туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кыларын белгиледи.

«Биздин партия «Эл үчүн» деген программасын сунуштап жатабыз. Ал программада турмуштун эң маанилүү тармактары камтылган жана өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча орто жана узак мөөнөттүү стратегияларды камсыз кылат. Биз чиновниктердин санын кескин кыскартабыз, мамлекеттик текшерүүлөрдү кыскартууга шарт түзөбүз. Ошондой эле дыйкандарыбызды, фермерлерибизди кооперативдерге бириктирип, айыл чарба продукцияларын көп көлөмдө экспорттоого басым кылабыз. Андан сырткары, салыктарды максималдуу кыскартуу программасын иштеп чыгабыз жана башка бир топ багыттар боюнча иш алып барабыз», - деди ал.

Ошондой эле талапкер шайлоочуларга кайрылып, добуштарын сатпоого чакырды.

«Өнүгүп-өсөлү десек туура тандоо кылуубуз керек. Бардык тармакта активдүү реформа жасап, өлкөнү кризистен алып чыгам, эгемендикти чыңдоого, өлкөнүн тынчтыгын камсыздоого жана демократияны өнүктүрүүгө салым кошом” деп бардык жоопкерчиликти алууга даяр адамдардын келишин кааласаңыз, анда «Кыргызстан» партиясын тандаңыздар!» - деп баса белгиледи Кенекеев.

Көк-Таш айылынын эли ар убак элге ак кызматтарын өтөп келген “Кыргызстан” партиясынын командасын чын дилден колдой тургандыгын айтышты. Ошондой эле алар Даир Кенекеевдин эл үчүн жасаган ак эмгектери үчүн ыраазычылыктарын билдирип, ак батасын беришти.

«Кыргызстан» саясий партиясынын үгүт иштери уланып жатат.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан