Атабек Талибаев, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер: "Ыктыярчыларды колдой турган мыйзам сунуштап, коомдук талкууга чыгарам"

Атабек Талибаев 1982-жылдын 25-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда карапайым адамдардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1989-жылдан баштап аталган райондогу орус жана кыргыз тилдүү А.С.Макаренко атындагы орто мектепте окуп, 1999-жылы артыкчылык аттестаты менен бүтүргөн. 2000-жылдан 2005-жылга чейин Бишкектеги Кыргыз-Орус-Славян университетинин юридикалык факультетинен билим алган. Ушул эле окуу жайдан 2005-жылдан 2008-жылга чейин экономика факультетинен билим алып, илимий иш жактаган. Атабек Талибаев үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Эмгек жолун 2005-жылы “Кахраман” ЖЧКсынын юристи болуп баштаган.

2008-жылдан 2010-жылга чейин “Кыргыз полиграфиясы” ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген.

2013-жылдан 2020-жылга чейин “ЭкоИсламикБанк”-“Центр” ЖАКунун филиалында башкы юрист болгон.

“Саясатка элимдин бакубат, бай жашоосу үчүн кызмат кылууга аттанып жатам”

– Мен парламентке жеке кызыкчылыгымды ишке ашыруу же тар чөйрөнүн саясий кызыкчылыгын коргоо үчүн эмес, элимдин бакубат, бай жашоосу үчүн кызмат кылууга аттанып жатам. Ата-энемдин тилегин орундатып, элдин эмгегин жебеген эл уулу болгум келет.

Буга чейин өзүбүздүн районго дареметиме жараша бир канча пайдалуу жумуштарды жасагам. Андай иштерди бүтүндөй Кыргызстан үчүн жасоого ниет кылып жатам.

“Мандатымды эл үчүн пайдаланам”

– Кыргызстандагы иштелип чыккан кээ бир мыйзамдардын чийки экени буга чейин деле белгилүү болчу. Бирок Кыргызстандын бардык аймактарына карантин режими кирип, өлкөдө өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жарыяланганда мамлекетти сыздан сууруп чыга турган системанын жоктугу айдан ачык көрүнүп калды. Экономика, медицина жана бир катар министрликтер илдетке каршы турууда бир топ алсырай түштү. Буюрса, элдин ишенимине арзып, мандат берилип калса өлкөгө карантин режими киргенде тикеден тик туруп эл үчүн кызмат кылган ыктыярчы топтордун бийлик менен алакасын мыйзамдаштырууну пландап жатам. Алдыма ыктыярчыларды ар тараптан колдой турган мыйзам сунуштап, коомдук талкууга чыгарам деген максат койдум. Анткени жугуштуу илдет каптаган учурда кимдин ким экени баарыбызга ачык билинди. Ошондуктан алардын иш-аракеттерине бийлик кол кабыш кылып, ар тараптуу жардам көрсөтүүсү үчүн татыктуу мыйзам иштеп чыгам. Бул менин Жогорку Кеңешке барганда көтөрө турган эң алгачкы орчундуу демилгем болот.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан