Жогорку Кеңешке "Замандаш" партиясынан талапкерлер жарандык активисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, аксакалдар, дарыгерлер жана башкалар менен ачык диалог курушту

"Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкерлер жарандык активисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, аксакалдар, маданият адамдары, дарыгерлер, журналисттер жана блогерлер менен ачык диалог курду. Иш-чаранын башында партиянын лидери Жеңиш Молдокматов "Замандаш" партиясы башка партиялардан өзгөчөлөнөрүн билдирди.

"Биз башка партияларга окшоп өзүбүздү пиар кылбастан көптөгөн жылдар бою элибизге, мигранттарыбызга жардам берип келе жатабыз", - деди ал.

Депутаттыкка талапкер Дмитрий Конов: "Замандашты" Орусия гана эмес, Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрү колдой тургандыгын айтты. Ал эми партиянын программасы ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматташууну чыңдоого багытталганын белгиледи.

"Башка партиялар шайлоо үгүт иштеринде көтөрүп жаткан көйгөйлөрдүн катарында казино, оюн автоматтары жана башка кумар оюндары жөнүндө сөз кылышкан жок. Ыплас кумардын айынан ата-энелер азап чегип, оюнга берилген адамдар акыркы мүлкүн сатышып, үй-бүлөсүнөн айрылып, балдар жетим калып жатышат. Айсулуу Мамашова бул көйгөйдү буга чейин парламентте көтөрүп келген, бул суроону Айсулуу айымга бергим келип жатат, сиз Жогорку Кеңешке өтүп калсаңыз, аталган көйгөй менен күрөшүүнү улантасызбы?" - деп сурады жолугушууга келген катышуучулардын бири.

"Бул мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн, бирок бул маселени чечүүгө убакыт жана жумшаган күчүбүз да жетиштүү болгон жок. Чынын айтканда, Жогорку Кеңеште кумар оюндарына каршы мыйзам долбоорун кабыл алууга тоскоол болгон адамдар көп болду. Кумар оюндары өтө көп акча алып келе турган бизнес болгондуктан чоң күчтөр бут тосушуп, бизге каршы чыгышты, бирок биз багынбайбыз, элибизди бул көйгөйдөн сактоого аракет кылабыз", - деп жооп берди Айсулуу Мамашова.

Жолугушуунун жүрүшүндө талапкерлерге партиянын программасы жана алардын келечек пландары боюнча көптөгөн суроолор берилди.

"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 13-сентябрь, 2020-жыл.

"Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкерлер эл менен ачык диалогдо сүйлөштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан