Нуржамал Казначиева: "Уркуя Салиевадай болуп из калтыргым келет"

Жогорку Кеңешке депутаттыкка катышып жаткандардын арасында жаштар кѳп. Алардын арасында «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» саясий партиясынын катарында Нуржамал Казначиева да бар. Ноокаттын кызы, 31 жашта, кесиби боюнча экономист. Кыргыз-Орус славян университетин артыкчылык менен бүтүргѳн. Буга чейин банк секторунда жооптуу кызматтарды аркалап келген. Анын айтымында, парламенттик шайлоого катышуу чечимин кабыл алуу оңой болгон жок. Үй-бүлѳсү, ата-энеси менен кеңешкенден кийин ушундай чечимге келген.

«Бул чоң жоопкерчиликти талап кылат, моюнума артылган жүктү тартып кете аламбы, жокпу деген суроо ойлондурду. Мен үчүн Ноокаттын даңктуу кызы Уркуя Салиеванын ѳрнѳктүү ѳмүр жолу үлгү. Мен да ошол инсандай болуп артыма жакшы из калтыргым келет», - дейт ал.

Нуржамал Казначиева муун алмашуу дегенде жалаң жаштарга басым жасоого каршы. Анткени аларда жаштыктын деми, идея, кѳз караштар болгону менен тажрыйба жок. Жаш курак, бай идея менен тажрыйба шайкеш келип, айкалышканда гана ѳнүгүү, ѳзгѳрүү, жеңиш болот. Андыктан жаштар тажрыйбалуу, салмактуу саясатчылардан үлгү алып, алардан кѳп нерселерди үйрѳнүшү керек. Ар бир талапкердин шайлоого катышуудагы ниети, максаттары болгондой эле Нуржамал айым да алдына чоң максаттарды койгон.

"Кудай буюруп, депутат болуп калсам, негизги басымды калкты жумуш менен камсыз кылууга шарттарды түзүү жана калктын реалдуу акчалай кирешесин жогорулатуу, жарандардын адилеттүү эмгек акы алууга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу, жетим балдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга, жалгыз бой жарандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулду көбөйтүү, үй-бүлө институтун чыңдоо программасын иштеп чыгуу – менин депутаттык негизги ишим болот», - дейт Казначиева.

"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы" саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. Дареги: Бишкек шаары, Разаков көчөсү 4.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан