"Кыргызстан" партиясы: "Салыктарды кескин түрдө азайтабыз!"

"Кыргызстан" партиясы өндүрүүчүлөрдүн салык төлөмдөрүн товарларды жеткирүүчүлөрдөн, жумуштардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн айырмалоону сунуш кылат. Бул чаралар партиянын “ЭЛ ҮЧҮН” программасынын алкагында иштелип чыккан.

Партия белгилегендей, акыркы жылдарда Кыргызстанда салык тутумунун өнүгүү тенденциясы көмүскө экономиканын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын көлөмү 2018-жылы 133 миллиард 400 миллион сомду же ИДПнын 23,4% түздү.

Фискалдык саясаттагы орун алган көйгөйлөрдөн чыгуу үчүн 2009-жылга чейин иштеп келген салык тутумуна көңүл буруу керек, анткени кыйыр салыктарды кеңири колдонуу өлкөдө экономикалык өсүштү токтотуунун, коррупциянын пайда болушунун жана гүлдөшүнүн негизги себептеринин бири болуп калды. Анда 5 кыйыр салык болгон: КНС - 20%, жол салыгы - 0,8%, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн салык - 1,5%, калкка акы төлөп кызмат көрсөткөндөр үчүн салык - 4%, акциз салыгы (ар бир товар үчүн жеке ставкаларды эске алуу менен). Ушундай акылга сыйбас экономикалык саясаттын натыйжасында өлкөдөгү дээрлик бардык ири ишканалар банкротко учурады. Бул массалык жумушсуздукка жана жүз миңдеген жарандардын жумуш издеп башка өлкөлөргө кетишине алып келди.

Эгерде биздин мамлекет ишкердин салыгы менен туруктуу негизде өлкө бюджетине максималдуу киреше алгысы келсе, анда ал белгилеген салыктар оптималдуу болушу керек. Салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр ишкердин кирешесинин 1/3 бөлүгүнөн ашпашы керек, ошондо ишкер калган бөлүгүн (2/3) муктаждыктары үчүн колдонуп, бизнесин кеңейте алат. Бул катыш дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүнүн фискалдык саясатында байкалат.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы акыркы салык реформасынын жүрүшүндө Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынып, ал 2009-жылы күчүнө кирген жана бүгүнкү күнгө чейин күчүндө. Ушул Салык кодексинде көп жылдардан бери биринчи жолу кыйыр салыктардын саны жана алардын ставкалары төмөндөтүлдү: КНСтин ставкасы 20 пайыздан 12 пайызга чейин төмөндөтүлдү; үч салык - калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө салык, жолдорго салык, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн салык - сатуудан алынуучу салык болуп, бир салыкка бириктирилген, 1 пайыздан 3 пайызга чейин түзгөн.

Бирок талдоо көрсөткөндөй, бул чаралар салык тутумун оптималдаштыруу жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө шарт түзүү үчүн дагы эле жетишсиз. Кыйыр салыктардын саны жана ставкалары жогору бойдон калууда. Алар ишкерге туруктуу ишмердүүлүк жана бизнести кеңейтүү үчүн жетиштүү киреше алууга мүмкүнчүлүк берет, эгерде анын бизнеси жогорку рентабелдүү болсо - 100% же андан көп (ишкер бизнеске жумшалган ар бир сомдон 2 сом жана андан көп киреше алганда). Эгерде бизнестин кирешелүүлүгү ушул деңгээлден төмөн болсо, республиканын көпчүлүк ишкерлеринин арасында байкалгандай, анда иштеп жаткан салык тутумунун шартында туруктуу иш алып баруу жана бизнести кеңейтүү үчүн жетиштүү киреше алуу мүмкүн эмес. Тике жана кыйыр салыктарды салыштырганда тике салыктар (киреше салыгы, пайда салыгы) продукцияны өндүрүүчүлөр үчүн кыйыр салыктарга (КНС, сатуудан алынуучу салык, акциздик салыктар) караганда жеңилирээк жана калыс экендигин көрүүгө болот, алар өндүрүүчүлөргө колдонулбашы керек. Кыйыр салыктар өндүрүштүк эмес тармакка ийгиликтүү колдонулушу мүмкүн, мисалы ортомчулук кызматын көрсөткөн чөйрөлөрдө.

Түзүлүп баштаган ишкананын кирешелүүлүгүн камсыз кылуу максатында келечекте туруктуу ишмердүүлүктү жана бизнести кеңейтүү үчүн жетиштүү киреше алуу зарылчылыгын эске алуу менен реэкспорттун мамлекеттик саясатынан баш тартуу зарылдыгы үчүн “Кыргызстан” партиясы продукция өндүрүү менен алектенген ишкерлерге салыктын өзгөчө жеңилдиктерин камсыз кылууну сунуш кылат, себеби жакынкы коңшуларынын (Кытай, Казакстан, Россия, Өзбекстан) Кыргызстандан айырмаланып, өнүккөн индустриалдык өнөр жайы бар. Мындан тышкары биздин өлкө продукциянын өздүк наркы боюнча атаандашышы керек, тактап айтканда продукциянын өздүк наркынын төмөндөшүнө таасир этиши керек. Бул саясаттын натыйжасы экспорттук потенциалдын көбөйүшү, жаңы жумуш орундарын түзүү, ИДПны жан башына көбөйтүү, "Бизнес жүргүзүү жеңилдиги" эл аралык рейтингин жогорулатуу болот.

Эгерде биз Сингапурда, Малайзияда, Түштүк Кореяда жана Кытайда тез экономикалык өсүшкө шарт түзгүбүз келсе, анда биз бул өлкөлөрдөн сабак алышыбыз керек. Мисалы, Кыргызстан Кытайдын тажрыйбасын колдонушу мүмкүн, ал өлкөдө жаңы ишканалар киреше салыгынан 2 жылга, кийинки 3 жылга 50%га бошотулган. Бул чара жаңы ишканаларга 5 жылда "бутуна турууга" жардам берди. Кытай чет өлкөлүк инвестициялардын агымын өзүнө тартып, кыска убакыттын ичинде дүйнөнүн алдыңкы өнүккөн өлкөлөрү менен атаандашууга жөндөмдүү, заманбап индустриялуу өлкөгө айланды.

Ошол эле учурда "Кыргызстан" партиясы мыйзамдарга ченемдерди киргизүү керек деп эсептейт. Ага ылайык, чет элдик инвестор кыймылсыз мүлктүн толук ээси болушу мүмкүн, тактап айтканда белгилүү бир мөөнөттө жер участогун сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү (мисалы 5 жыл аралыгында, салыктык өргүү этабы толук аяктаганга чейин).

Мындан тышкары партия насыялык келишимдин негизинде инвесторду жыл сайын алынган пайданын 20% бизнести өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө милдеттендирген ченемдерди кароону сунуштайт. Мындай чара жумуш орундарын түзүп, салыктык өргүү режиминде киреше алганда (2 жылдан кийин) инвестордун өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

Ошондой эле “Кыргызстан” партиясынын пикири боюнча, Евразия экономикалык бирлигинин рыногунун күчүн, ошондой эле Европа бирлигинин парламенти тарабынан республикага берилген бажы жеңилдиктерин толугу менен пайдалануу зарылчылыгына чоң көңүл буруу керек.

Ошентип төмөн салыктар дүйнө жүзү боюнча олуттуу инвестицияларды тартат. Инвестиция - бул экономикалык өсүш, элдин жыргалчылыгын жогорулатуу жана бюджетти толтуруу. Бул эмгек акысы жогору болгон жумуш орундарынын санын, ошондой эле пенсиялардын жана жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүү жолу деп белгиледи "Кыргызстан" партиясы.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 7-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)
Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан