Бүгүн, 14-сентябрда “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Айпери Муратбек кызы Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылды.
Бул тууралуу БШКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, чечим Айпери Муратбек кызынын жеке арызынын негизинде кабыл алынган.