Жогорку Сот "Актив" партиясы боюнча Бишкек административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды

Жогорку Сот "Актив" партиясы боюнча Бишкек административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

7-сентябрда Бишкек шаарынын административдик соту "Актив" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп таануу жөнүндөгү арызын канааттандыруудан баш тарткан. БШК 3-сентябрда өзүнүн чечими менен "Актив" саясий партиясын каттоого берилген документтерди текшерүү учурунда төмөнкү мыйзам бузууларды аныктаган:

1) талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия өкүлчүлүктү эске алышы керек болгон талаптарга ылайык, "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 60-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын талаптары аткарылбаса:

- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайызынан ашпоосу керек, мында саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн аялдар менен эркектердин талапкерлердин тизмесиндеги ырааттуулук үч позициядан ашпоосу керек.

2) "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун талаптары аткарылбаса, анда Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документти берүү талаптары белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан