«Замандаш» партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери Кеминге барды

«Замандаштын» кезектеги үгүт кербени Кеминде уланды. Кеминдиктер менен жолугушууга Чынара Шейшекеева, Искендер Гаипкулов, Айсулуу Мамашова жана Жакшылык Матанов катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө партиянын максаттары айтылып, «Замандаш» партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери эмне үчүн бул партияны тандап алгандыктарын билдиришти.

Искендер Гаипкулов:

«Элдин арасында VI чакырылыштын депутаттарына карата ар кандай нааразычылыктар болуп жатты. Бул нерсенин баары эмнеден келип чыкты? Убагында ар кайсы партиялар көпөстөрдү, акчалуу адамдарды катарына мүчө кылып, алардын кесипкөйлүгүнө карабай кошуп алгандыктан нааразычылыктарга дуушар болушту. «Замандаш» партиясы андай партияларга кирбейт! «Замандаш» кесипкөй адамдарга мол, айтылган программасын так аткара турган партия болуп эсептелинет».

Ошондой эле Искендер Гаипкулов «Замандаш» партиясы башкалардан айырмаланып, талапкерлердин тизмеси дыкат текшерилип, ар бир талапкердин кесипкөйлүгүнө жараша тандалгандыгын, илимге салымын кошкон инсандар партиянын тизмесине кошулгандыгын билдирди.

Чынара Шейшекеева Кеминдин тургундарынан «Замандаш» элдик партия экендигин, партия түзүлгөндөн бери эл менен чогуу болуп келгендигин кошумчалады.

Чынара Шейшекеева:

«Биз силердин үнүңөрдү жеткизели деген үмүт менен шайлоого аттандык, «Замандаш» партиясы таза партия деп мен ачык айта алам, анткени жүзүбүз жарык. Кыргызстандыктардын чет жерде жүрүп кыйналгандарын көрүп, буга чейинки кылып келген аракеттерден да масштабдуу иштерди чечүү үчүн бара жатабыз».

Айсулуу Мамашова: «Элиме кызмат кылам деген адам кооз сөздөрдү, куру убадаларды бербей, айтканын аткарышы абзел. Мен «Замандашты» ушул сапатка төп келгендиги үчүн тандап алдым», - деди.

Жакшылык Матанов мактанган партияны тандабаганын, пандемия учурунда ар бир ишин элге жарыялабаган партия «Замандаш» партиясы экендигин , партиянын лидери жолдо калган мекендештерди өз унаасын сатып, боордошторун өз мекенине кайтарганы башкаларга үлгү болушу керектигин белгиледи.

Жергиликтүү тургундар партиянын мигранттарга көрсөткөн колдоосу үчүн «Замандашты» колдой турганын билдиришти.

"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., мкр. Джал 23, Чыгарылган күнү «14» сентябрь 2020-ж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан