Шайлоо фондунан кайсы партия канча акча чыгымдады? 11-сентябрга карата көрсөткүч
Шайлоо фондунан партиялар канча каражат коротту? Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын эсебине которулган каражат жана анын канчасы чыгымдалгандыгы тууралуу маалыматты жарыялады. Бул 11-сентябрга карата көрсөткүч.
"Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма 94 миллион 180 миң 238 сом. Коротулганы -90 миллион 445 миң 319 сом;
"Социал демократтар" партиясынын шайлоо фондуна 8 миллион 642 миң 760 сом которулган. Коротулганы - 8 миллион 535 миң 966 сом;
"Бир Бол" партиясынын эсебинде 34 миллион 189 миң 156 сом деп көрсөтүлсө, коротулганы 33 миллион 865 миң 396сом;
"Республика" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 21 миллион 821 миң 655 сом, чыгымдалганы - 20 миллион 639 миң 151 сом;
"Биримдик" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 97 миллион 399 миң 900 сом болсо, анын ичинен 86 миллион 753 миң 491 сому чыгымдалган
"Чоң Казат" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине которулган сумма 6 миллион 172 миң 914 сом болсо, чыгымдалганы 6 миллион 38 миң 446 сом;
"Мекенчил" партиясынын шайлоо боюнча эсебинде 11 миллион 375 миң 392сом болсо, чыгымы 10 миллион 785 миң 669сом;
"Ата Мекен" партиясынын шайлоо фондунда 41 миллион 400 миң 620 сом. Ал эми партия короткон сумма 36 миллион 950 миң 610 сом;
"Реформа" партиясынын шайлоо эсебине келип түшкөн каражат 7 миллион 72 миң 542 сом, чыгымы - 6 миллион 508 миң 830 сом;
"Кыргызстан" партиясынын шайлоо эсебиндеги каражат - 71 миллион 579 миң 622 сом, коротулганы - 71 миллион 461 миң 368 сом;
"Ордо" партиясынын атайын эсебине 6 миллион 243 миң сом которулган. Ал эми коротулган каражат - 6 миллион 121 миң 401 сом;
"Мекен Ынтымагы" партиясынын шайлоо фондуна которулган акча - 6 миллион 676 миң 838 сом, чыгымы - 6 миллион 603 миң 620 сом;
"Замандаш" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине 36 миллион 510 миң сом которулган. Партия короткон каражат 35 миллион 414 миң 723сом;
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын шайлоо фондуна которулган акча - 5 миллион 858 миң 400 сом, чыгымы - 5 миллион 745 миң 266 сом;
"Ыйман Нуру" партиясынын шайлоо эсебине 6 миллион 500 миң 300 сом которулса, 6 миллион 395 миң 750 сому коротулган;
“Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынын" шайлоо боюнча атайын эсебине 9 миллион 319 миң 500 сом которулса, анын ичинен 9 миллион 303 миң 665 сом чыгымдалган.
Мына акчалар ысырап.ушунан коро кыргызстандын карызын толоп койсо сооп болмок. Бул суммалар документтегиси эле болсо керек.по факты 10 эсе коп болуш керек.Эмне кереги бар ушундай шайлоонун?
+6
-BOSS-
2020-09-15 11:53:35
Кыргызстан неле кризиске батып жатат десе, көрсө акчанын баарын партия партия болуп бөлүшүп алган экенсиңер да
+6
Kona8631
2020-09-15 12:34:07
Мекеним Кыргызстан ..биримдик ..и Кыргызстан партиясы видно чья партия!
+3
voennyi88
2020-09-15 12:53:11
Кытайдын карызын кутулуп койсонуздар болмок экен урматтуу партия лидерлери! Калкыбызга тушунуктуу болду биринердин дагы журогунор мекендеп сокпойт экен.
+5
futboler
2020-09-15 15:26:39
Болду эми чогулуштарына, чакырган жерлерине барбагыла, акчалары калган жок, бөөдө эле убара болосуңар.
+4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.