Экономика, өкмөттүк түзүлүш, суроо-жооптор жана башка: Шайлоого карата алгачкы дебат партиялардын жаштар канаты менен башталды (видео)

14-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын дебаты болуп өттү. Ага 5 партиянын - "Реформа", "Кыргызстан", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Мекеним Кыргызстан" жана "Мекен Ынтымагы" партияларынын жаштар канатынын өкүлдөрү, депутаттыкка талапкерлер катышты.

1. Реформа саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эркин Нурбаев;

2. "Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмаз Раимбеков;

3. "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Бегайым Ташматова;

4. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова;

5. "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мухаммед Агибаев.

1- СУРОО: Силер экономиканы кандай жолдор менен өнүктүрөсүңөр?

“Реформа” партиясынан депутаттыкка талапкер Эркин Нурбаев: "Экономиканын өсүшү Кыргыз өлкөсүндө коррупциянын жоюлушунан башталат. “Реформа" партиясы оппозициялык партия катары тааныштырылгандыктан биз экономиканы өстүрүүнү биринчи кезекте экономикага чоң колун салып алган ууруларга согуш жарыялайбыз десек болот".

“Кыргызстан” партиясынан талапкер Алмаз Райымбеков: "Айыл чарба тармагын өстүрүү зарыл. Биздин мамлекетибиз кандай абалда турганын көрүп турабыз. Локоматив болуп айыл чарба болуп саналышы керек. 67 пайыз элибиз айыл жеринде турат экен. Биз Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай менен көлөмү боюнча атаандаш боло албайбыз. Биз сапаты менен лидер боло алабыз. Кыргыз-Орус фондунун 70 пайызын айыл чарбасына коротушубуз керек”.

“Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынан” депутаттыкка талапкер Бегайым Ташматова: "Партиянын эң башкы максаты социалдык теңдик. Биздин партия элдик корпорация ачып корпорация аркылуу жеткиликтүү турак жай программасын ишке ашырууну көздөйт. Турак жайга муктаж адамдарды үй менен камсыз кылуу керек. Ошону менен катар эле айыл чарба тармагын өнүктүрүү каралган. Кайра иштетүүчү заводдорду куруу зарыл. Дыйкандар продукцияларын ортомчусу жок сатканга мүмкүнчүлүк түзүлүш керек”.

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова: “ Кыргыз өлкөсү 28 жыл өзүнүн экономикасына жол издеп, кайсы жол менен барабыз деп жүрүп бүгүнкү күндө биз эмне болдук? Салыктардын саны көп экономика жок, лицензиянын саны көп бизнесмендердин саны аз, электр энергиясы көп, суу бар бирок таза суу менен эл толук 100 пайыз камсыз болгон жок. Электр энергия элге жетип жатабы, канча тыйындан сатып жатат? 28 жыл бою келген бийлик канчалаган коррупционерлерди түрмөгө камап жатканы менен экономика бутуна турган жок. Эмне себептен Жогорку Кеңешке жеке кызыкчылыгын ойлогон саясатчылар барып жатат? Менин чоң үмүтүм Жогорку Кеңештин 7-чакырылыгына таза, жаш, энергияга бай саясатчылар келет деп ишенем”.

“Мекен Ынтымагы” Мухаммед Агибаев: “Биз популисттик курулай убада бергенден алыспыз. Биздин экономисттер жакшы билсе керек, эгемендүүлүк алгандан бери бир гана модель менен өнүгүп келе жатабыз. Азыркы учурда дүйнө жүзүндө глобалдаштыруу заманында 3-4 модель боюнча өнүгүп жатат. Ошол моделди биздин өлкөгө алып келип колдонуш керек. Тактап айтсак, биздин туризм тармагында, айыл чарба тармагында потенциал чоң. Кен байлыктарыбыз бар, бул боюнча мыйзамдарды карап чыгуу керек".

2-СУРОО: Келечектеги өкмөттүн структурасын сиздер кандай көрөсүздөр?

Эркин Нурбаев: Мен азыр биздин оппоненттердин сөздөрүн уктум. Мындан улам кайрылып кетет элем, азыр эл күйүп-жанган, өзгөрүүгө даяр болгон жаштарды көргүсү келет. Андыктан, сиздерди кандайдыр бир тармактын профессионалы катары калп көрүнүүдөн алыс болууга чакырат элем. Ал эми өкмөттүн структурасы боюнча суроого жооп берсем, мен өмүрүмдө өкмөттүн структурасында бир да жолу иштебесем, анда бул менин артыкчылыгым деп билем. Анткени мен эскирген системдин жүгүргүчү болгон жокмун. Эгерде мен парламентке барып калсам, адегенде эле люстрацияны сунуштайм. Унаада бензин жок болгон учурда анын тетиктерин алмаштыруу жөнүндө сөз кылуу туура эмес, бензинсиз унаа жүрөбү, ушул жөнүндө ойлонолу.

Алмаз Райымбеков: Эркин мырза люстрация боюнча туура эмес айтып кетти. Биз кайсы тармак керек, кайсынысы керек эмес экенин санарип платформасы аркылуу көрсөтүп берели деп жатабыз. Өкмөттүн структурасын жөн эле кескилеп салган болбойт, биз 14 министрликти сунуштайлы деп турабыз. Биз шашпай элге кайсы кызмат керек экенин аныктап, элдин оюн угуп, анын жыйынтыгында 14тү калтырууну пландаганбыз. Азыр айрымдар досуна кызмат жетпей калса да министрликтерди ачышууда, баарын ойлонуу менен жасайлы.

Бегайым Ташматова: Жогоруда айтып өткөн оппоненттер менен макулмун, биз өкмөттүн структурасын кайталанма кызматтардан тазалашыбыз керек. Биз адегенде эле кабыл алуучу мыйзам - аткаминерлердин мүлкүн ачык көрсөтүү жана мыйзамсыз мүлктөрдү конфискациялоо жөнүндө болот. Биз атайын түзүлгөн комиссиянын жардамында өкмөттүн кайсы тармактарын кыскартуу, жаңылоо керектигин аныктайбыз.

Элнура Алканова: Биздин шайлоо алдындагы программабыздын негизги приоритеттеринин бири - азыркы мамлекеттик аппараттар өтө көп кыскартууларга муктаж экендиги. Биз мамлекеттик аппараттарды дээрлик 2 эсеге азайтууну пландоодобуз. Бүгүн бизде кайсы кызматтар бар? Премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана министрлер бар. Андан тышкары өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, андан кийин акимдер жана айыл өкмөтү. Эгерде ар бир тармакты караган министрлер бар болсо, бизге вицелердин эмне кереги бар? Ал эми губернатор деген кызматты биз Советтер Союзунан "мураска" алып калганбыз. Алардын кызматы болгону көзөмөл кылуу - бизде көзөмөл органдары жетиштүү деп ойлойбуз. Биз бул кызматты да жоюуну сунуштайбыз. Мындан тышкары бирин-бири кайталаган кызматтар көп, биз аларды кыскартып, ага кеткен бюджетти айыл өкмөтүнө жумшоону пландайбыз.

Мухаммед Агибаев: "Биз кадр саясатын толук карап чыгуу керек деп эсептейбиз. Мен жогоруда оппоненттерим айткан пикирлерге кошулам. Өкмөткө сапаттуу кадрларды алып келүү үчүн алгач парламентке мыкты кадрлардын келүүсү зарыл. Мындан тышкары өкмөттүн бардык тармактарына аудит жүргүзүү керек, анын негизинде ашыкча тармактарды жоюп, өкмөттүн конкреттүү курамын түзүү кажет.

ДЕБАТТЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН БИРИ-БИРИНЕ БЕРГЕН СУРОО-ЖООПТОРУ:


“Афган” партиясына суроо: “Баткендеги чек ара маселесин кандай чечесиздер?”
Жооп: Биздин партияда аскер адамдары, ал жакта эмне болуп жатканын билебиз. Афгандын ардагерлери Тажикстанда, Өзбекстанда жашашат. Биз тынч жол менен бул маселени чечебиз. Биз алар менен кошунабыз.

Суроону берген Эркин Нурбаев: “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларына суроом жок. Бул партияларга азыр кылып жаткан жана келчекте кыла турган иштерине тийиштүү органдар прокуратура суроосун узатат. Ушундай суроо узатыш үчүн мен Эркин Нурбаев жана "Реформа" партиясы канымды, жанымды аябай тикемен тик туруп берем.

“Кыргызстан” партиясы Алмаз Райымкулов “Реформа” партиясына: Саламаттыкты сактоо тармагы ыйлай турган абалда деп айттыңыз. Ошону каржы булактарын көрсөтө аласыздарбы?
Жооп: Каржы булагы бюджет да. Бюджет эмнеден толукталат? Салыктан. Бюджеттин 60 пайызы көмүскөдө жүрсө, сиздин партиялаштарыңыздар килейген фирмаларды түзүп жатат.
Райымкулов: Так маалымат берген жоксуз. Биздеги ишкерлер салыкты көп төгүшөт.

Суроо: Электромобилди айтып жатасыңар бардык районго киргизебиз деп жатат. Чаткал районун кантип киргизебиз?
Жооп: Чаткалга да киргизебиз. Чаткал эмне Марс бекен? 5 жыл реформа кылуу узак, биз өзүбүзгө 500 күн 5 негизги реформа деп максат койдук. Биз ал реформаны кыла албасак мандатыбызды тапшырабыз.

“Афган” партиясына “Кыргызстан” партиясынан суроо: Завод, фабрика курабыз деп айтыпсыңар, СССР убагындагы чоң фабриканы негиздөөчүсү иштетип кеткенге эмне тоскоолдук болду?
Жооп: 90-жылдары Кытайдан толтура арзан товарлар келип баштады. Фабрикалар банкрот болгон. Сатып алып жаңы жумуш орундарды түзгөн.

“Мекеним Кыргызстан” партиясына “Афган” партиясынан суроо: Кызматкерлерди кескин кыскартабыз деп жатасыңар, алар андан кийин эмне иш кыларын ойлондуңарбы? Же алар да мигрант болуп кетиш керекпи?
Жооп: Кечиресиз, биз вице-премьер-министрлерге жумуш издешибиз керекпи? Биз вице-премьер-министр, губернаторлорго жумуш ордун издебейбиз. Биз жөнөкөй, карапайым элге жумуш издөө үчүн саясатка аттанып жатабыз.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан "Кыргызстан" партиясына суроо: Коомчулук сиздердин талапкердин аялды урган деген маалыматка таң калып турат. Бул талапкер сиздердин катарда калабы?

Жооп: Бул маселе партияда каралат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан