"Экономиканы кантип өнүктүрөсүңөр?" деген суроого беш партиядан депутаттыкка жаш талапкерлердин жообу (видео)

14-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын алгачкы дебаты болуп өттү. Ага 5 партиянын - "Реформа", "Кыргызстан", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Мекеним Кыргызстан" жана "Мекен Ынтымагы" партияларынын жаштар канатынын өкүлдөрү, депутаттыкка талапкерлер катышты.

1. "Реформа" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эркин Нурбаев;

2. "Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмаз Раимбеков;

3. "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Бегайым Ташматова;

4. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова;

5. "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мухаммед Агибаев.

Аларга "Сиздер экономиканы кандай жолдор менен өнүктүрөсүздөр?" деген суроо берилди.

“Реформа” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эркин Нурбаев: "Экономиканын өсүшү Кыргыз өлкөсүндө коррупциянын жоюлушунан башталат. “Реформа" партиясы оппозициялык партия катары тааныштырылгандыктан биз экономиканы өстүрүүнү биринчи кезекте экономикага чоң колун салып алган ууруларга согуш жарыялайбыз десек болот".

“Кыргызстан” партиясынан талапкер Алмаз Райымбеков: "Айыл чарба тармагын өстүрүү зарыл. Биздин мамлекетибиз кандай абалда турганын көрүп турабыз. Локоматив болуп айыл чарба болуп саналышы керек. 67 пайыз элибиз айыл жеринде турат экен. Биз Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай менен көлөмү боюнча атаандаш боло албайбыз. Биз сапаты менен лидер боло алабыз. Кыргыз-Орус фондунун 70 пайызын айыл чарбасына коротушубуз керек”.

“Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынан” депутаттыкка талапкер Бегайым Ташматова: "Партиянын эң башкы максаты - социалдык теңдик. Биздин партия элдик корпорация ачып корпорация аркылуу жеткиликтүү турак жай программасын ишке ашырууну көздөйт. Турак жайга муктаж адамдарды үй менен камсыз кылуу керек. Ошону менен катар эле айыл чарба тармагын өнүктүрүү каралган. Кайра иштетүүчү заводдорду куруу зарыл. Дыйкандар продукцияларын ортомчусу жок сатканга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек”.

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова: “Кыргыз өлкөсү 28 жыл өзүнүн экономикасына жол издеп, кайсы жол менен барабыз деп жүрүп бүгүнкү күндө биз эмне болдук? Салыктардын саны көп экономика жок, лицензиянын саны көп бизнесмендердин саны аз, электр энергиясы көп, суу бар, бирок таза суу менен эл толук 100 пайыз камсыз болгон жок. Электр энергия элге жетип жатабы, канча тыйындан сатып жатат? 28 жыл бою келген бийлик канчалаган коррупционерлерди түрмөгө камап жатканы менен, экономика бутуна турган жок. Эмне себептен Жогорку Кеңешке жеке кызыкчылыгын ойлогон саясатчылар барып жатат? Менин чоң үмүтүм Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына таза, жаш, энергияга бай саясатчылар келет деп ишенем”.

“Мекен Ынтымагы” Мухаммед Агибаев: “Биз популисттик курулай убада бергенден алыспыз. Биздин экономисттер жакшы билсе керек, эгемендүүлүк алгандан бери бир гана модель менен өнүгүп келе жатабыз. Азыркы учурда дүйнө жүзүндө глобалдаштыруу заманында 3-4 модель боюнча өнүгүп жатат. Ошол моделди биздин өлкөгө алып келип колдонуш керек. Тактап айтсак, биздин туризм тармагында, айыл чарба тармагында потенциал чоң. Кен байлыктарыбыз бар, бул боюнча мыйзамдарды карап чыгуу керек".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2020-09-15 15:03:12
Дыйкан ондургон продукцияны туз керектоочуго жеткирчу болсо, экономикалык кризис башталат. Ортомчулардын эсебинен Кыргызстандын 50% уй булосун багат. Калльа иштейби???!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан