Депутаттыкка талапкерлер Ибрагим Жунусов, Улукбек Кочкоров, Темирбек Асанбеков дебатта эмнелерди убадалашты?

Кечээ, 14-сентябрда "ЭлТР" телеканалында Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан партиялардын талапкерлеринин дебаты өттү. Дебатка "Мекен Ынтымагы", "Мекеним Кыргызстан" жана "Биримдик" саясий партияларынан депутаттыкка талапкерлер катышты.

Дебатка катышкан талапкерлердин тизмеси:

1. "Мекен Ынтымагы" партиясынын төрагасы, партиядан депутаттыкка талапкер - Темирбек Асанбеков;

2. "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер - Ибрагим Жунусов;

3. "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер - Улукбек Кочкоров.

Суроо: Жумушсуздук менен күрөшүү сөз жүзүндө гана калып келет. Мөмө-жемиш иштетүүчү ишканаларды ачуу керек, инвесторлорду колдоо максатында сиздердин программада конкреттүү багыттар кайсылар?

Темирбек Асанбеков: "Жумушсуздук эмнеден улам пайда болот? Бул экономиканын алсыздыгынан. Мөмө-жемиш, айыл-чарба тармагы - бул экономиканын азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу тармагы болот. Эми айыл-чарба тармагында ошол мөмө-жемишти өстүргөн дыйкандарга мамлекеттик институттар тарабынан түрткү болбосо, жеңил акча каражат булактары негизделбесе, тажрыйба илимий жолдор ачылбаса, алардын өндүргөн түшүмүн базарга алып чыгуу логистикалык карым-катнаш түзүлбөсө эч качан айыл-чарбасы көтөрүлбөйт. Мына бүгүнкү күндө бийликтин эч кандай таасири жок, элибиз эмгекчил экен. Өзүнүн өстүргөн түшүмүн кошуна мамлекеттерге сатууга аракет кылып жатышат. Бирок баштай элек жатып көп суммадагы каражатты насыяга алышат, анан саясий кырдаалдар өзгөрүп кетет. Ошон үчүн "Мекен Ынтымагы" партиясы эртеңки күнү айыл-чарба тармагын өнүктүрүү багытында дыйкандарга өздөрүнүн түшүмүн өткөрүп киреше табыш үчүн атайын программа иштелип чыккан. Бул техникалык жактан көмөк көрсөтүү, арзан каржы булактарын негиздөө. Бул мамлекеттик деңгээлде бюджетте каралышы керек", - деди Асанбеков.

Ибрагим Жунусов: "Бүгүнкү күндө иш менен камсыздоо биринчилерден болуп саналат. Айрыкча дыйкандар жөнүндө, аларды колдоо биздин негизги максаттарыбыздын бири. Партиянын катарында дыйкандар көп болгондуктан алар бизге өздөрүнүн сунуштарын дагы койду. Алар койгон сунуштар боюнча өлкө боюнча логистикалык борборлорду иштеп чыгуу керек. Бул бүгүнкү күндө пилоттук долбоор катары Базар-Коргон жана Кара-Суу райондорунда логистикалык борборлор биздин партия тарабынан иштелип чыгып, аткарылып жатат. Биздин партиянын тизмесинде талапкерлердин көпчүлүгү 40ка жакын долбоорлор каралган. Бул келечекте биз үчүн өтө керектүү нерсе.

Мен ойлойм, ушул логистикалык борборлорду туура жолго коюп алсак, пилоттук долбоорлор өзүнүн пайдасын бере баштаган кезде Кыргыз өлкөсүнүн мөмө-жемиши бардык жерге жетет деп ойлойбуз", - деди Жунусов.

Улукбек Кочкоров: "Өз убагында 38 пайыз ички дүң продукцияны түзгөн айыл-чарба бүгүнкү күндө 12 пайызды түзүп жатат. Биз эмне кылабыз? Биринчиден, ушул багыттарга мамлекет тарабынан колдоо керек. Колдоо - алардын чыгарган продукциясын жылдыруу. Биз атайын бюджетниктерге, пенсионерлерге айлык маянаны көтөрүп, бизден чыгарылган продукцияны алууга шарт түзүү менен дыйкандардын продукциясын сатууга мүмкүнчүлүк түзөбүз. Эгерде дыйкандар колдой турган болсо, анда алар чыгарган продукциясын биздин рынокто кеңири сатканга, сыртка дагы алып чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлөт".

Суроо: Өлкөдө айыл-чарбасын көтөрүүгө чоң потенциал бар экенин айтып келебиз. Аягында баары жыйынтыксыз калып жатат. Сиздердин партия кандай конкреттүү сунуштар менен чыгып жатасыздар?

Темирбек Асанбеков: "Мен өзүм айылда чоңойгом. Айылда жашагандар эртеден кечке талаада жүрүшөт. Алар кандай түшүм эгип, кайсы базарларга алып чыгышы керек экенин бири-биринен угушат. Өнүккөн өлкөлөрдө айыл-чарбаны өнүктүрүү багытында эрте эле дыйкандарга сунуштар берилет. Биздин чар-жайыт мамлекетибизде ар бир дыйкан өзүнүн ишин өзү кылышат, тобокелчилик менен иштешет. Кээде саясий кырдаалга байланыштуу чек аралар жабылып калган кезде насыяларын жаба албай кыйын абалга такалышат. Мунун баары бийлик институттарынын сапатсыздыгынан чыгып жатат. Алар үмүттөнгөн, карапайым айыл-чарбасында иштеп жаткан адамдардын турмушка жана экономикага болгон багытын негиздеп бербегендиктен, ошого түрткү болуп бербегендиктен, түшүмүнөн айрылып калса, ошолорду сактап калууга атайын каржы фонддору түзүлбөгөндүктөн келип чыгат. Өлкөнүн 30 жылдан бери араң турган айыл-чарбасын көтөрүү үчүн биз бардык тармагынан изилдеп, сунуштарды иштеп чыкканбыз".

Ибрагим Жунусов: "Азыр "Бай дыйкан" деген долбоор иштелип жатат. Ошол эле учурда муну көтөргөн биздин партиянын ичиндеги талапкерлерибиз болуп жатат. Бул долбоор биздин дыйкандар үчүн абдан зарыл. Эмненин себебинен дыйкандар чоң потенциалга жетишпей жатат. Биринчиден, минералдык жер семирткичтердин жоктугунан дыйкандар көп нерсеге жетишпей жатышат. Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосунда жер-семирткичтерди чыгаруучу заводдор курулуп жатат. Бул биздин дыйкандарга чоң жардам берет деген ойдомун. Ошол эле учурда бизде "Кыргызстандын бактары" деген долбоорубуз бар".

Улукбек Кочкоров: "Тилекке каршы, өлкөдө стратегиялык пландоо жөнүндө мыйзам жана анын аткарылышына тиешелүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги жок болуп жатат. Ошондон улам азыр жайыттарыбыз иштетүүдөн чыгып калып, жерлерибиз жараксыз болуп калып жатат. Биз стратегиялык пландоо болушу керек деп ойлочубуз. Себеби чет өлкөдөн айыл-чарба продукциясын сатып алам деп келген ишкер бир айылдан кааласа 5-6 КамАЗ толтуруп кетиши керек. Экинчиден, мамлекет дыйкандар чыгарган продукцияны чет өлкөгө чыгаруу боюнча аракетин көрүшү керек".

ДЕБАТТЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН БИРИ-БИРИНЕ БЕРГЕН СУРОО-ЖООПТОРУ:

Темирбек Асанбековго Ибрагим Жунусовдон суроо: Сиздердин тизмеде мамлекеттик иштерде иштей элек же иштеген адамдар бар болуп калышы мүмкүн. Эгер силердин партия коалицияга кирип же өкмөткө өтүп калса, өкмөт башчысы боло турган инсандар барбы?

Жооп: "Ар бир лидер жоопкерчилик алышы керек. Биз элге программабызды сунуштап жатканда элге жагынып сунуштап койбой, сунуштаган ишти аткарыш керек. Кыргызда "Чөп чапканга барсаң дагы чалгы кармай билген адамды алып бар" деген макал бар. Сиз айткандай, жаштарды окутуп жатам. Партия - бул саясий мектеп. Биз ошол балдарды бардык жактан окутуп, анан парламенттик шайлоого бара жатабыз. Мына биз ошол балдар менен аткаруу бийлигин түптөөгө даярбыз".

Улукбек Кочкоровго Ибрагим Жунусовдон суроо: Улукбек Тойчубаевич, парламентте, өкмөттө дагы иштедиңиз. Сиз ордуңузду кайда деп эсептейсиз?

Жооп: "Мен өзүмө парламентте кандай иштей алсам, өкмөттө дагы ошондой иштей алам деп ишенем. 21 жашымдан баштап ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеп келгем. Кээ бир адамдар мамлекетте бир күн иштебей жатып сындап жатышат. Мен кайсы жакта болбосун иштеп кетүүнүн жолун билем деп айта алам".

Темирбек Асанбековго Улукбек Кочкоровдон суроо: "Сиз бир дагы күн мамлекеттик кызматта иштебесеңиз эмне үчүн биздин жарандар сизге ишенип, силерге добуш бериши керек. Сиз иштеп кетүүгө кандай кепилдик бере аласыз?"

Жооп: "Баарын убакыт көрсөтөт. Мен 2010-жылы эле каалаган партияга кошулуп өкмөткө кирмекмин. Бирок иштебеген системге кирбегениме бүт Кыргыз эли кубанып жатат. Ар ким ар кандай сүйлөй берип, ушул туңгуюктан чыга албай жатабыз. Эртең биз барсак, бийликке иштеген, бирок жеке ишин аткарып жүргөн кызматкерлерди жумуштан четтетем".

Ибрагим Жунусовго Улукбек Кочкоровдон суроо: 9 миңге жакын кызматкерди жумуштан бошотобуз деп жатасыздар. Аларды кайда алып барып кандай жумуш менен, кантип камсыздайсыңар?

Жооп: "Бул кыскартылат дегендер мамлекеттик кызматкерлер. Жогорку Кеңеште 60 депутат калсын дагы, калганы кыскартылсын деп жатабыз. Эгер биз шайлоодон өтсөк, ошол кыскарган депутаттардын кеңешчилерин жана башка кызматкерлер кыскарып отуруп, биз 400 миллион сомго жакын акчаны үнөмдөйбүз. Андан тышкары Камбар-Ата-1ди иштете турган болсок, 10 миңдей адамды жумуш менен камсыз кыла алат экенбиз. Бул бир эле мисал.

"ЭлТР" телеканалынан берилген суроолор:

Темирбек Асанбековго суроо: Жумушсуздук кантип чечилет?

Жооп: "Баары барып кадрларга такалат. Жер-жерлердеги иш билги адамдарда окутуп, аларга билим берүү керек. Кесипкөй адамдарды колдоп, аларга жардам берсек, ошондо жылыш болот. Болбосо аймактар эч качан оңолбойт".

Ибрагим Жунусовго суроо: Инвестициялык багыттарды көтөрүү инвесторлого административдик жеңилдиктерди берүү жумушсуздарды жумуш менен камсыздандыруу деп программаңыздарга жазыпсыздар. Сиздерде кандай административдик жеңилдиктер бар?

"Биринчиден, инвесторлорду тартып, иштебей турган жерлерди объектилерди иштетебиз. Инвесторлорду колдоп берели деген да пландарыбыз бар".

Улукбек Кочкоровго суроо: Жумушсуздардын санын кантип кыскартуу планын айтып берсеңиз?

"Биз өзүбүздүн экономиканы ички продукциялар менен толтурганда гана жумушсуздук азаят. Бул иштей турган программа".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaka78
2020-09-15 16:06:07
Жунусов чыкпай жүрдү эле го,бугун билдим,ырас пенсияга кетти го деп,суйунуп жатса, эгемендүүлүк алгандан бери жүрөт озу учун гана,жыргал ушунунку
+2
make2
2020-09-15 20:34:07
Темирбек тигил экөөнүн чимкиригин чыгардыго, Улукбек нерв болуп, чычалап жаман болду, азамат Темирбек өтө грамотный экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан