"Кыскартам, жоём, жаңылайм...". Депутаттыкка жаш талапкерлер келечектеги өкмөттүк түзүлүштү кандай көрүшөт?

14-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын алгачкы дебаты болуп өттү. Ага 5 партиянын - "Реформа", "Кыргызстан", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Мекеним Кыргызстан" жана "Мекен Ынтымагы" партияларынын жаштар канатынын өкүлдөрү, депутаттыкка талапкерлер катышты.

1. "Реформа" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эркин Нурбаев;

2. "Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмаз Раимбеков;

3. "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Бегайым Ташматова;

4. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова;

5. "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мухаммед Агибаев.

СУРОО: Келечектеги өкмөттүн структурасын сиздер кандай көрөсүздөр?

Эркин Нурбаев:кмөттүн структурасы боюнча суроого жооп берсем, мен өмүрүмдө өкмөттүн структурасында бир да жолу иштебесем, анда бул менин артыкчылыгым деп билем. Анткени мен эскирген системдин жүгүргүчү болгон жокмун. Эгерде мен парламентке барып калсам, адегенде эле люстрацияны сунуштайм. Унаада бензин жок болгон учурда анын тетиктерин алмаштыруу жөнүндө сөз кылуу туура эмес, бензинсиз унаа жүрөбү, ушул жөнүндө ойлонолу".

Алмаз Райымбеков: "Эркин мырза люстрация боюнча туура эмес айтып кетти. Биз кайсы тармак керек, кайсынысы керек эмес экенин санарип платформасы аркылуу көрсөтүп берели деп жатабыз. Өкмөттүн структурасын жөн эле кескилеп салган болбойт, биз 14 министрликти сунуштайлы деп турабыз. Биз шашпай элге кайсы кызмат керек экенин аныктап, элдин оюн угуп, анын жыйынтыгында 14тү калтырууну пландаганбыз. Азыр айрымдар досуна кызмат жетпей калса да министрликтерди ачышууда, баарын ойлонуу менен жасайлы".

Бегайым Ташматова: "Жогоруда айтып өткөн оппоненттер менен макулмун, биз өкмөттүн структурасын кайталанма кызматтардан тазалашыбыз керек. Биз адегенде эле кабыл алуучу мыйзам - аткаминерлердин мүлкүн ачык көрсөтүү жана мыйзамсыз мүлктөрдү конфискациялоо жөнүндө болот. Биз атайын түзүлгөн комиссиянын жардамында өкмөттүн кайсы тармактарын кыскартуу, жаңылоо керектигин аныктайбыз".

Элнура Алканова: "Биздин шайлоо алдындагы программабыздын негизги приоритеттеринин бири - азыркы мамлекеттик аппараттар өтө көп кыскартууларга муктаж экендиги. Биз мамлекеттик аппараттарды дээрлик 2 эсеге азайтууну пландоодобуз. Бүгүн бизде кайсы кызматтар бар? Премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана министрлер бар. Андан тышкары өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, андан кийин акимдер жана айыл өкмөтү. Эгерде ар бир тармакты караган министрлер бар болсо, бизге вицелердин эмне кереги бар? Ал эми губернатор деген кызматты биз Советтер Союзунан "мураска" алып калганбыз. Алардын кызматы болгону көзөмөл кылуу - бизде көзөмөл органдары жетиштүү деп ойлойбуз. Биз бул кызматты да жоюуну сунуштайбыз. Мындан тышкары бирин-бири кайталаган кызматтар көп, аларды кыскартып, ага кеткен бюджетти айыл өкмөтүнө жумшоону пландайбыз".

Мухаммед Агибаев: "Биз кадр саясатын толук карап чыгуу керек деп эсептейбиз. Мен жогоруда оппоненттерим айткан пикирлерге кошулам. Өкмөткө сапаттуу кадрларды алып келүү үчүн алгач парламентке мыкты кадрлардын келүүсү зарыл. Мындан тышкары өкмөттүн бардык тармактарына аудит жүргүзүү керек, анын негизинде ашыкча тармактарды жоюп, өкмөттүн конкреттүү курамын түзүү кажет".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан