"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Канатбек Маматов: "Эл менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көпүрө болуп, үнүңүздөрдү жеткирейин деп бара жатам"

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер, Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов Өзгөн аймагын кыдырууда. Мырза-Аке айыл аймагынын эли жылуу маанайда, ак бата менен тосуп алды. Эл менен жолугушууда аталган аймактагы эң башкы көйгөй - электр чубалгыларын кармаган карагайлардын чирип, алмашылбай тургандыгы, таза суу менен камсыздалбагандыгы жана жумуш ордуларынын түзүлбөгөндүгү тууралуу көйгөйлүү маселелер айтылды.

Канатбек Маматов элдин суроо-талаптарынын бардыгын чечүү жергиликтүү бийликтин колунда экендигин баса белгиледи. Жеке каражаттан кайрымдуулук иштерин байма-бай жасап туруу жетишсиз экендигин жана аймактар маселеси мамлекеттик деңгээлде, өлкө казынасынын максаттуу бөлүштүрүлүшүнө байланыштуу экендигин эске салды.

"Мамлекет башчысы бекеринен соңку эки жылды аймактарды өнүктүрүү жана санариптешүүгө арнаган жок. Бул багыт “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында да бар. Мисалы, санарип мамлекеттик кызматтарды алууну ыкчамдатат жана жеңилдетет. Айылдаштарымдын тамакты оңдуу бышыра албаган, үлбүрөгөн жарыктары, кенен кесир тиричилик кылууда суу жетишсиздиги мени дагы түйшөлтөт. 21-кылымда жашап жатып, Көлдүк айылыбызда өмүрү бала бакча болбогондугу өкүндүрөт. Мен сиздер менен биргеликте эл жашоосун жакшыртуу, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө багытын алайын деп саясий аламанга аттандым. Эл менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көпүрө болуп, сиздердин үнүңүздөрдү жеткирейин деп депутаттыкка аттандым”, - деди ал өз сөзүндө.

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты. Төгөрөгү төп келишкен №4 санын тандаңыз!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан