Токтогулдагы жолугушуу: "Биримдик" аткарылбаган убадаларды бербейт!"

Бүгүн, 15-сентябрда “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын үгүт кербени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушуу ѳткѳрдү.


Партия лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров партиянын программасы менен тааныштырып өттү. “Эмне үчүн “Биримдик”? Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Евразиялык интеграциянын артында биздин келечек турат деп айткан. Социалдык демократия - бул СССРге кайра кайтуу эмес, бул биздин басып өткөн жолубуз”, - деди ал.


Ал жергиликтүү бийлик органдарына кайрылып, кайсы бир партия үчүн административдик ресурсту колдонбой, бардык партияларга бирдей шарттарды түзүп берүүгө, шайлоо ѳнѳктүктѳрүнүн жүрүшүнѳ кийлигишпѳѳгѳ чакырды.


Партиянын талапкери Улукбек Кочкоров учурда Кыргызстанда 47 балдар үйү, 17 карылар үйү бар экендигин айтып өттү. “Качан кыргыз балдары ата-энесин мамлекеттин кароосуна өткөрчү эле? 30 жылдык эгемендик тарыхыбызда биздин маданиятыбызга, салт-санаабызга жат нерселерди таңуулаганга аракет жасашты. Ошондуктан биз программаны иштеп чыгууда салтыбызга, динибизге, үрп-адатыбызга кайтып, анын негизинде демократиялык социализм багытын тандадык”, - деди ал.

“Биздин программа Конституцияда жазылган укугуңуздарды ишке ашырууга багытталган программа. Кыргызстан социалдык мамлекет деп башкы мыйзамда жазылгандай, биз өлкөнүн экономикасын жанданта турган программаны даярдадык, экономиканы кѳтѳрүү үчүн Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүн колдоого алган механизмди сунуштап жатабыз".


Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутаттыкка талапкер Аида Касымалиева: “Биримдик” партиясы дыйкандардын, мугалимдердин, дарыгерлердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үнү", - деди. “Азыр үгүт иштери жүрүп жаткан учур, партиялар ар кайсы убадаларды берип жатышат. Мисалы, сүйүнчү пулдун өлчөмүн жогорулатабыз деп атышат. Мурдагы шайлоодо да ушинтип убада кылышкан, бирок учурдагы 4000 сомду биз киргизгенбиз. Ошондуктан биз куру убада берүүдөн алыспыз”, - деди ал.

Ошондой эле Аида Касымалиева ѳз сѳзүндѳ Токтогулдан кыргыз маданиятына зор салымын кошкон инсандардын чыкканына токтолду. “Биримдик" партиясынын программасында маданият тармагына чоң көңүл бурулган, анын алкагында райондо музейлер, маданият үйлөрү жанданат, туризм тармагы өнүктүрүлөт”, - деди ал.

Токтогул районунан депутаттыкка талапкер Нурбек Тотонов да сөз сүйлөп, райондун көйгөйлөрүн чечүү үчүн болгон күч-аракетин жумшоого токтогулдуктарга убада берди.


Жолугушуунун аягында райондун аксакалдары баталарын беришип, талапкерлерге ийгилик, жеңиш каалашты.

"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы" саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. Дареги: Бишкек шаары, Разаков көчөсү 4.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан