Өлкөдө шайлоо өнөктүгү кызып, партиялар теледебатка аттанган кез келди. Ага ылайык, кечээ, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан партиялардын талапкерлеринин алгачкы дебаты өттү.
КТРК каналындагы теледебаттар төмөндөгү тартип менен өтөт:
- Лидерлер теледебаты - 28-сентябрдан 2-октябрга чейин;
- Айым талапкерлердин теледебаты - 21-23-25-сентябрь;
- Жаштар теледебаты - 14-16-18-сентябрь.
"ЭлТР" телеканалындагы теледебаттар төмөндөгү тартип менен өтөт:
- Талапкер партиялар менен түз байланыш - 14-сентябрдан 18-сентябрга чейин;
- "Элге эмне дейсиз?" программасы - 28-сентябрдан 2-октябрга чейин;
- Лидерлер теледебаты - 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин;
- Партиялар теледебаты түз эфир - 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин.