Шайлоого аттанып жаткан "Кыргызстан" партиясы кайрадан талкууга жем таштады. Социалдык тармактарда партиядан депутаттыкка талапкер Дастанбек Жумабековдун жаңы көз жарган аялга 50 миң сом сүйүнчү пул берди деген маалымат тарады.
Теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева Жогорку Кеңештин төрагасынын Таласка болгон иш сапарында Дастан деген ысым коюлган ымыркайдын энесине 50 миң сом бергендиги тууралуу билдирүү жарыялаган.
Көп өтпөй БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Атыр Абдрахматова дагы бул тууралуу пикирин билдирди.
"Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени тууралуу, анын төрагалык макамы менен пайдаланып жарнама кылуусу боюнча БШКнын мүчөлөрүнө, Жумабековдун же "Кыргызстан" саясий партиясынын жоопкерчилигин карап, каттоосун жокко чыгаруу боюнча сунушумду жөнөттүм. Бирок менин сунушум өткөн жок. Маселе күн тартибине киргизилген жок", - деген Абдрахматова.
SUPER.KG порталы бул боюнча БШКга Дастан Жумабековдун маселеси жыйында каралабы жана качан деген суроо менен кайрылды.
"Бүгүнкү, 15-сентябрга белгиленген күн тартибине бул маселе киргизилген эмес. Бул маселе алгач жумушчу топтун жыйналышында, андан соң БШКнын жыйынында каралат. Ал эми жумушчу тобунун жыйналышы эртең БШКнын жыйынынан кийин болот", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.