"Республика" №14: Программисттин диплому 11-класста! Аттестат менен кошо кесиптик дипломго ээ бол!

“Республика” партиясы билим берүү тармагында чечкиндүү реформаларды жүргүзүп, кагаз бетинде эмес, чыныгы санариптештирүүнү ишке ашырат. Ар бир окуучу мектепте жана кесиптик лицейде билим алуу менен бирге заманбап кесипти өздөштүрөт! 100 миң мектеп бүтүрүүчүсү 11-класстын аттестаты менен бирге программисттин дипломун алып чыгат.
Кыргызстан келечекте өзүнүн Кремний өрөөнүн же Сколково сыяктуу долбоорлорун иштетүүгө түрткү берген каржы жана технологиялык платформаларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
"Тездик менен өнүгүп жаткан санарип коому IT-адистерине көбүрөөк муктаж болуп жатат. Бүгүнкү күндө көптөгөн электрондук кызматтар жана операциялар үчүн төлөмдөрдү блокчейнсиз элестетүү мүмкүн эмес! Программисттер - бул Жобс сыяктуу дүйнөнү өзгөртө турган жаңы муун, алар өзүнүн интуициясына жана намыскөйлүгүнө таянышы керек. Бул жогорку айлыкты камсыздаган эң жаңы кесип, биз бардык мектептерде ушул багытта билим алууну киргизебиз!", - деди “Республика” партиясынан талапкер Дайан Белек.

Буга чейин "Республика" партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев улан-кыздар милдеттүү түрдө 11-классты мектепте, колледжде же кесиптик лицейлерде аяктоосу керек деген демилге көтөрүп, мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бул багытта атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөндө, 200 миң кыргызстандык тогузунчу классты бүткөндөн кийин эч жерде окубай калган. Айрымдары акча табуу максатында алыскы жана жакынкы өлкөлөргө мигрант болуп кетсе, кээ бири көчөдө бош жүргөндүктөн кылмыштуу жана ар кандай экстремисттик уюмдар тартып кетүүдө. Бул мыйзам кабыл алынган жана 2021-жылдан тарта күчүнө кирет. Буга улай "Республика" партиясы эми бардык орто мектеп окуучуларына программисттен баштап ашпозчуга чейинки кесиптерге ээ болуу мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатат.

Андан тышкары "Республика" партиясы мамлекеттик кызматтарды толугу менен санариптештирүүнү жактайт. Санариптештирүү өлкөнүн бардык тармактарын камтышы керек, бул билим берүү тармагынан жана мамлекеттик кызматтардан башталышы зарыл.
"Кагаздар жоголуп кетиши мүмкүн. Ал эми санариптик блокчейн менен эч качан мындай маселе болбойт. "Республика" буга чейин керексиз маалымкаттарды азайтып, калкты тейлөө борборлорун ачкан. Эми калк үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу дагы жеңилдейт. Мамлекеттик кызматтарды телефондун көлөмүнө чейин кыскартабыз! Паспортту үйдөн чыкпай эле аласыңар! Келечекте кагаздар болбойт", - дейт "Республика" партиясынан талапкер.

"Республика" партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматын жоюп тышкы чалгындоо кызматын түзүү, прокуратураны жоюп аны Адилет министрлигинин курамына киргизүү суроолору турат. Партия жумуш орундарын түзүү жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. "Республика" стратегиялык маанидеги ишканалардан тышкары бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163.
«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А. Бишкек шаары, Горький көчөсү, 1/2.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан