Шайлоо-2020: Депутаттыкка аттанып жаткан төрт талапкер тизмеден чыкты. Алар кайсы партиянын өкүлдөрү? (тизме)

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого аттанып жаткан партиялардын тизмесинде катталган кээ бир талапкерлерди андан чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, талапкерлер партиялар берген арызынын негизинде тизмеден алынган.

  1. "Мекенчил" партиясы - Мамытов Бабуржан Маматкаримович;
  2. "Ата Мекен" партиясы - Аман Төлөгөн уулу;
  3. Социал-Демократтар- Жунушалиев Рустам Рахманович, Абдиев Тилек Таштанбекович.

Маалыматта бул чечим “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 6-7-18-беренелеринин негизинде, партиялардын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алынганы айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан