Шайлоо бюллетендерин "Учкун" ачык акционердик коому даярдайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрда БШК өз жыйналышында 4-октябрга дайындалган шайлоодо бюллетендерди даярдоону аныктоо жөнүндө токтом кылды.
Аталган басмакананын директору "Кыргызстан" партиясынан талапкер Дайыр Кенекеев. Бул боюнча социалдык тармактарда нааразычылыктарын жазгандар болууда.