Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков боюнча маселе БШКнын алдындагы ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык тобуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын маалымат кызматынын жетекчиси Руслан Изреков билдирди.
"Бул координациялык топ укук коргоо органдарынын компетенциясындагыдай иш алып барат. Алар Жумабековдун ишин эртең карайт. Бул боюнча атайын брифинг өткөрүлөт. Ошондо жыйынтыгы билинет", - дейт Изреков.
Эске салсак, кечээ, 15-сентябрда социалдык тармактарда партиядан депутаттыкка талапкер Дастанбек Жумабековдун жаңы көз жарган аялга 50 миң сом сүйүнчү пул берди деген маалымат тараган. Анын айланасында талкуу жаралып, маселени БШКнын жумушчу тобу карагандан кийин жалпы жыйында талкууланары кабарланган.