"Кыргызстан" партиясы "жашыл экономика" үчүн!

“Кыргызстанда "жашыл экономиканы" өнүктүрүү үчүн өтө чоң, реалдуу, келечектүү мүмкүнчүлүктөр бар” деп билдирди «Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Экмат Байпакбаев.

Анын айтымында, ал демилгелеген VI чакырылыштагы парламент тарабынан кабыл алынган “жаңылануучу энергия булактары жөнүндө” мыйзам өлкөнүн экономикалык турмушун жакшыртат.

«Мурда кабыл алынган “энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзам 10 жылдан ашык иштеген жок, тилекке каршы, бир кездерде аны ишке ашыруу механизми иштелип чыккан эмес. Болгону 2-3 чакан ГЭСтер курулган. Жүздөгөн чакан ГЭСтерди куруу керек. Тоолуу Кыргызстандын шартында бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Жылына 300 күн тийиши да чоң мүмкүнчүлүк! Эгемендүүлүк жылдарындагы көптөгөн башкаруучулардын кетирген кемчиликтеринен улам биз экспортчулар өлкөсүнөн импортчуларга айландык”, - деп белгиледи Байпакбаев.

Жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн альтернативдүү энергияны киргизүүдөн тышкары атмосферага зыяндуу заттарды бөлбөгөн жана күйүүчү май куюуну талап кылбаган электромобилдерди жана коомдук транспортторго басым жасоо керек, ал биздин республикага дагы импорттолот. “Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү – ишкерлердин, өндүрүш кызматкерлеринин бул багытта конкреттүү долбоорлору бар.

Өнөр жай ишканаларынын абаны тазалоо тутумун орнотуу боюнча милдеттенмеси айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын көлөмүн минималдаштырууга жардам берет. Ошондой эле өнүккөн, экологиялык таза мамлекеттердин тажрыйбасын изилдөөгө түрткү болот.

Мындан тышкары, биз коопсуз тармакты өнүктүрүп, биздин эле калкты органикалык азык-түлүк менен камсыздабастан башка өлкөлөргө да экспорттошубуз керек.

Байпакбаев Жогорку Кеңеш иштеп чыккан жашыл экономиканы өнүктүрүү концепциясын колдогонун, андан кийин өкмөт программа кабыл алгандыгын эскерди. Эми аны ишке ашыруу үчүн жигердүү аракеттер көрүлүшү керек.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан пайдалана албай калган мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып жатышат. Биз жашыл экономиканы өнүктүрүү жолуна түштүк. “Кыргызстан” партиясы мындан ары дагы ушул багытта иш алып барат”, - деп белгиледи талапкер.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 16-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан