Мелис Турганбаев: "Биз бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдарды жөнгө салабыз"

Бүгүн "Замандаш" партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери шайлоочулар менен Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы облустук академиялык, музыкалык драма театрында жолугушту.

Жолугушууга талапкерлер Мелис Турганбаев, Алмазбек Акматов, Жолдошбек Мамбеталиев, Асылбек уулу Бакай катышты. Алар "Замандаш" партиясынын тарыхы, программасы менен тааныштырышты жана алдыга койгон максаттарын айтып беришти. Андан кийин жолугушуу суроо-жооп түрүндө өтүп, тургундар ар түрдүү көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Нарын шаарынын тургуну, Чек ара кызматынын ардагерлеринин Нарын шаары боюнча төрагасы Темирболот Орозоев чек ара кызматынын ардагерлери ден соолугуна байланыштуу же үй-бүлөлүк себептер менен башка регионго барып жашоого мүмкүн эместигин, анткени бул учурда алардын пенсиясы кыркылып каларын айтты. Анын айтуусунда, кай бир ардагерлерге дал ушул мамиле боюнча кылмыш иши козголгонго чейин барган. Алмазбек Акматов бул маселе Жогорку Кеңештин трибунасында көтөрүлгөнүн жана ал чечилиши керектигин билдирди.

Иш-чарада медицина кызматкерлеринин айлык маянасы төмөндүгү айтылып, ал боюнча пикирин Мелис Турганбаев билдирди.

"Бул маселе биздин программада бар жана "Замандаш" менен шайлоого эки дарыгер бара жатат. Албетте, сиздердин айлык маянаны көтөрүү керек. Муну жакында эле болгон пандемия далилдеп койду. Биздин программада дарыгерлер, мугалимдердин жана маданият кызматкерлеринин айлык маяналары жана алардын иштөөсүнө шарт түзүү маселеси каралган", - деп өзү жетектеген ЖАМКда медицина кызматкерлеринин айлык маяналары кандайча көтөрүлгөнү тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле талапкер "Замандаш" партиясы менен шайлоого үч генерал бара жатканын жана алардын бир катар мыйзамдарды жазуу мерчемдери бар экенин айтты.

"Биз 2010-жылдан кийин кылмыштуулукка каршы атайын мыйзам долбоорун жазганбыз. Ошол мыйзам долбоорунун куйрук-жалы кыркылбай кабыл алынганда, азыр бир топ өзгөрүүлөр болмок. Тилекке каршы, долбоор аябай чоң өзгөрүүлөр менен араң дегенде 2013-жылы кабыл алынды. Казактар биздин мыйзам долбоорун жазганыбызды угуп, атайын келип аны алып кетишти да, ошондой боюнча кабыл алышты. Аларда ошол мыйзам жакшы иштеп жатат. Учурда мыйзамдар бири-бирине каршы келген учурлар көп. Биз ушул маселелерди карап, бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, мамлекетибизди алдыга сүрөгөн жаңы мыйзамдарды жазалы деп жатабыз", - деди Турганбаев.

Тургундар шайлоо өнөктүгүндө форма экини жоюу, 5 жылга чейин эл үчүн пайдасы тийбеген партиялар кайра шайлоого катышпагыдай мыйзам жазуу сунуштарын айтышып, соц пакетти карап чыгуу, жеке ишкерлердин жумуш берген адамга карата жасаган мамилесин жөнгө салуучуну кароо керектигин айтышты жана аталган талапкерлер Жогорку Кеңешке барып калса, чек ара маселесин чечип берүүсүн суранышты.


Жолугушуунун акырында нарындыктар "Замандаш" партиясына ак жол каалап, ак сакалдар ак батасын беришти.

"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., мкр. Джал 23, 28. Чыгарылган күнү: 16-сентябрь 2020-ж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан