Ат-башылыктар "Замандашка" үмүт артарын айтышты

"Замандаш" партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери үгүт кампаниясынын алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районунунда болушту.

Ага талапкерлер Чынара Шейшекеева, генерал-майор Мелис Турганбаев, Алмаз Акматов, Айбек Жайлообаев келишкен. Талапкерлер шайлоочуларды "Замандаш" партиянын программасы менен тааныштырып, таза шайлоого үгүттөштү.

Элеттиктер айыл көйгөйлөрүн көтөрүшүп, районго картошка иштетүүчү кичи цех куруу зарылдыгын, жол салуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, байланыш, футбол аянтчасын куруу маселелерин айтышты жана аларды чечүүгө көмөктөшүүнү суранышты. Ошондой эле тургундар Ак-Сайга өтүү үчүн паспорт столдон уруксат кагаз алышарын, ошол кызматты чек арачыларга берсе деген ойлорун ортого салышты.

Эл менен жолугушууда "Замандаш" партиясын түптөгөн Муктар Өмүракуновдун уулу Аскар Өмүракунов да сүйлөп, атасынын көп максаттары аткарыла электигин айтып, бирок ал иштердин өтөсүнө чыгат деген ишеними бар экенин билдирди. "Атам ар дайым элге кызмат кылды. Өмүрүнүн акырына чейин эл деп жашады. Анын көп максаттары бар эле. Өкүнүчтүүсү, алар аткарылбай калды. Бирок, Кудайым буюрса, ошол ой-тилектерин ишке ашырабыз деп ойлойм. Себеби, учурда "Замандашта" изги максаттарды алдыга койгон, тажрыйбалуу, билимдүү талапкерлер бар", - деди Аскар Өмүракунов.

Ак-Муз айылынын тургуну Бакыт Алияскаров мигрант болуп Орусиянын 7 шаарында 7 жыл эмгектенгенин айтып, ошол жылдары Муктар Өмүракуновдун депутат болбой туруп эле мигранттарга кылган кызматын өз көзү менен көргөнүн, анын жөнөкөйлүгүн жана адамкерчилигин эскерди.
Ошондой эле ат-башылыктар Мелис Турганбаевге карата жакшы пикирлерин билдиришип, чоң үмүт артарын айтышты. Ал өз кезегинде: "Замандаш" партиясы - 13 жылдан бери өз жүзү, тарыхы бар элдик партия. Партия ар дайым эл үчүн кызмат кылган. Эч убакта убада берген эмес, убада бербей эле элдин мүдөөсүн аткарып келген. Мен да мамлекеттик кызматтарда эмгектенип, бир катар иштерди жасап келдим. Калк мүдөөсүн угуп, эл аралап иштедик. Эми алган тажрыйбамдын аркасында "Замандаш" партиясы менен элибизге кызмат кыла турган мыйзамдарды жазалы, көйгөйлөрдү чечели деген тилегим бар", - деп билдирди.

Талапкерлер райондун борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан Өзгөрүш айылына келишкенде тургундар аларды жылуу тосуп алышып, көп жылдан бери бүтпөй келген спорт зал салуу маселесин көтөрүштү жана бир катар суроолорду беришип, тийиштүү жоопторду алышты.
"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., мкр. Джал 23, 28. Чыгарылган күнү: 16-сентябрь 2020-ж.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан