"Республика", "Замандаш", "Чоң-Казат". Шайлоого аттанган 3 партияга берилген төрт суроо (видео)

Кечээ, 16-сентябрда ЭлТР мамлекеттик каналында алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын дебаты болуп өттү. Ага 3 партиянын - "Республика", "Замандаш", "Чоң-Казат" партияларынын өкүлдөрү катышты.
"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Канат Мидин уулу.
"Замандаш" партиясынын лидери, партиядан депутаттыкка талапкер Жеңиш Молдокматов.
"Чоң-Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Асхат Осмонов.

1-СУРОО: Асыл тукум мал кармоо, жогорку түшүм берген үрөндөрдү дыйкан, фермерлерге берүү системасы жакшы иштебей жатат. Сиздердин партиянын программасында бул маселе кандай каралган?

"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Канат Мидин уулу:

"Тилекке каршы, айыл-чарба дотациялык тармактардын бири. Мамлекеттин колдоосу болбосо аны көтөрүү өтө оор болот. Жаңы технология, инвестиция жок болсо, айыл-чарбасына акча бөлүнбөсө бул тармакта өнүгүү болбойт. Биздин партиябыз 2010-жылы жеңилдетилген насыя боюнча айтып чыкканда, көбү айтышкан "калпычылар, алдамчылар" жана башка деп. Убакыт баарын көрсөттү, жеңилдетилген насыялар бүгүнкү күндө өкмөттүн программасына киргизилип, толугу менен иштеп жатат. Биз ушул багытта ишибизди улантып, учурдагы программабызда ошол жеңилдетилген насыялардын пайызын дагы төмөндөтөрүбүздү айтып жатабыз. Дагы бир маселе - картошканы эгип, 3 сомдон саткан учур болгон. Ошол эле картошкадан чипсы жасап 100 сомдон сатса болот. Кеп картошканы сырьё катары сатабызбы же кайра иштетип, маркетингди колдонуп, чет өлкөгө даяр азыкты кымбат баада сатабызбы дегенде болуп жатат. Мындан тышкары төө буурчак жана башка азыктарды ортомчулар бизден сырьё катары алышат да чет мамлекетке алып барып кымбат баада сатышат. Өнүккөн өлкөлөр аны кайра иштетип, бир канча эсе акча кошуп сатышат. Биз бул багыттагы стратегияны толугу менен карап чыгышыбыз керек. Ошондуктан биз өзүбүздөн чыккан азыктарды логистикалык борборлорго топтоп, стандартка ылайыкташыбыз керек. Чет өлкөлүк ири маркеттерге майда чарбалар азыктарды жеткире албайт. Мындан улам логистикалык борборго топтоп, сертификациялап экспорттосок болот. Муну менен экономикабыздын бир бөлүгүн ушундай жол менен көтөрүп кетебиз.

Биз айыл-чарбага болгон көз карашыбызды, стратегиябызды толугу менен өзгөртүшүбүз керек. Партиябыздын программасында стратегиялык жолдор, биздин көз караштар бар".

"Замандаш" партиясынын лидери, партиядан депутаттыкка талапкер Жеңиш Молдокматов.

"Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 20 миллион гектар жер аянты болсо, анын 54 пайызы айыл-чарбасында колдонулат. Анын ичинен 9 миллион гектардай жер аянты жайыттар, 900 миң гектардай жер айдоо үчүн пайдаланылат. Тилекке каршы, жайыт аянтынын 60 пайыздан ашыгы жараксыз болуп калды. Анткени жерди пайдаланууда эбегейсиз чоң каталар кеткен. Айыл-чарба министрлигинде жалпы 4900 кызматкер иштейт (бардык бөлүмдөрүндөгү кызматкерлерди эсепке алганда). Айыл-чарбасы - жер, суу, өндүрүм жана өндүрүштү сыртка чыгаруу тармагын камтыйт. Учурда бул 4 тармак тең аксап келет. Биринчиден, кадрлардын жоктугунда, экинчиси менеджменттин коюлбаганында. Айыл-чарба министрлигин жоюп салсак деле дыйкандар менен фермерлер билбей калат. Бул тармакка 29 жыл ичинде 2 жарым миллиард доллар грант жана насыя келген. Анын ичинен 100 миллион доллардан кем эмес каражат грант түрүндө келген.

Биз эмне кылышыбыз керек? Биринчиден, дыйкандарга жана фермерлерге жеңилдетилген насыялардын пайыздык ченемин 2 пайызга түшүрүү. Бул мүмкүн боло турган иш, бюджеттин шарты бар. Экинчиден, агробиржаны түзүү менен ЕЭАСтин курамына кирген соң андагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз керек. Ал үчүн мамлекеттик колдоо менен логистикалык чынжырларды түзүп, айыл-чарба азыктарын экспорттоо жолдорун колго алышыбыз шарт. Бул тармакты терең реформалоо талап кылынат. Биздин программада реформалоо тууралуу толук жазылган, буюрса, парламенттик шайлоодон өтсөк биринчи эле айыл-чарбасын карайбыз. Союз учурунда айыл-чарбасынын жалпы экономикага келтирген үлүшү 34-40 пайыз болсо, учурда 12-13 пайыз эле. Бул эч нерсе жок дегенди билдирет. Ушундай абалга алып келген адамдардын баарын жоопко тартышыбыз керек. Биз башка өлкөлөргө көлөм менен эмес, сапат менен атаандаша алабыз. Ошондуктан биздин программа "Жашыл экономика" деп кирди".

"Чоң-Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Асхат Осмонов.

"Айыл-чарбасын заманбап технология менен оңой эле жогорулатсак болот. Биздин программабызда биринчи кезекте насыя саясатын түзүү каралган. Акча, насыя саясатында адилетсиздик, банк системинин коомго тийгизген таасири жогору болуп жатат. Чакан ишкерлердин насыя алуудагы маселелери көп болууда. Тагыраагы, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна келген каражаттар туура эмес багытта иштетилип, анын кесепети миңдеген дыйкан, фермерлерге тийип жатат. Буга байланыштуу биз акча, насыяны ачык-айкын бөлүштүрүү маселесин көтөрүп чыгалы деп жатабыз. Анткени мамлекет насыя тармагын эркин рынокко берип койгон".

2-СУРОО: Партиянын программасында айымдардын ишке орношуп, ишмердүүлүк жүргүзүүсү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр каралган? Жер-жерлердеги, алыскы аймактардагы аялдардын жеке ишкерлик кылуусуна колдоо көрсөтүү боюнча конкреттүү колдоо пландарыңыздар барбы?

"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Канат Мидин уулу. "Биз жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы иш келишимине олуттуу карашыбыз керек. Анткени өлкөдө көп учурда жумуш боюнча келишим түзүлбөйт. Эгер жумушчу менен иш берүүчүнүн ортосунда чыр чыкса жумушчу өз укугун коргой албай калат. Биз мунун баштан-аяк карап чыгышыбыз керек.

Ал эми чакан жана орто ишкерлик жүргүзгөн жарандарыбызга колдоо көрсөтүү үчүн 3 пайыздык чен менен насыя берүүнү сунуштоону карап жатабыз. Гендердик маселе боюнча айтсам, аялдар өз укугун коргоодо дискриминацияга туш болушат. Менимче, биз мыйзам иштеп чыгууда аялдарды колдоо боюнча тиешелүү нормаларды киргизишибиз керек".

"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов. "Бизде аялдардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча эл аралык долбоорлор, программалар көп. Албетте, биздин партиябыздын программасында да аялдардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча өзүнчө багыттар каралган. Парламентке өтүп кетсек, айымдарга ишмердүүлүктү жүргүзүү боюнча окутууларды мамлекеттик деңгээлде өткөрүүнү демилгелеп чыгабыз. Белгилеп кетүүчү жагдай, аялдар менен эркектер тең укуктуулугу боюнча мыйзам бар, тилекке каршы, иштебейт. Биздин партия ошол мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алуу тапшырмасын коёт".

"Чоң-Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Асхат Осмонов.

"Бизде тигүү тармагы аялдардын күчү менен кармалып турат. Алардын көпчүлүгү мыйзамсыз түрдө ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Мындан улам алардын ишин мыйзамдуу кылуу боюнча маселелер каралган.

3-СУРОО: Энергетика тармагында тетиктердин баары эскирди, колдонуу мөөнөтү бүткөн тетиктер алмашыла элек. Ошол тетиктерди жаңылоо үчүн бизде электр энергияга болгон бааны жогорулата коюшат. Сиздер бул чечимди колдойсуздарбы? Каршы болсоңуздар тетиктерди алмаштырууга каражатты кайдан аласыздар?

"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Канат Мидин уулу.

"Бизде энергетиканы мамлекеттик компаниялар гана өндүрүп жатышат. Чакан ГЭСтерди ачууга жеңилдетилген насыяларды алууга, мамлекеттик деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрдү түзсөк, өндүрүлгөн продукциянын көлөмү көбөйөт. Муну менен кирешени өстүрүп, тетиктерди жаңылай алабы. Электр энергиясы менен камсыз кылган компаниялардын да жүгү азаят.

Мен тарифтин көтөрүлүшүнө каршымын. Кризистик абалда электр энергиясына болгон бааны жогорулатуу мүмкүн эмес. Балким, бул маселе келечектин иши болушу мүмкүн. Бирок биз жабдыктарды жаңылоо боюнча башка мүмкүнчүлүктөрдү карашыбыз керек".

"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов.

"Энергетика - мамлекеттин эң чоң көйгөйү. 1980-жылы Кыргыз өлкөсү Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен гидроэнергияны эң көп өндүргөн жана экспорттогон мамлекеттердин бири болгон. Тилекке каршы, биз бул макамды да жоготтук. Сиз айткан маселе өтө опурталдуу жана олуттуу. Тарифти көтөрүү менен жабдыктарды жаңылоо маселе парламентте бир нече ирет көтөрүлгөн. 2-3 жолу колдоо да тапкан, бирок коомдун каршылыгынан улам артка кайтарылган.

Бизде 18 электр станциясы, 2 жылуулук станциясы, 16 гидро станциясы, 10 миң чакырым жогорку кубаттуулук линиясы, 518 подстанция бар. Ушул ишканалардагы баарынын жабдыктарын оңдоодон өткөрүүгө эбегейсиз суммадагы каражат сарпталат. 29 жылдын ичинде электр энергиясы тармагына 1 миллиард доллар грант жана насыялар келген. Маселе тарифтин жогорулашында эмес, ошол бөлүнгөн каражаттардын бир дагы сому бул тармакка жумшалбаганында. Биз энергетика тармагындагы коррупцияны жоймоюнча бир дагы жабдыкты алмаштыра албайбыз. Анын бир гана жолу - электрондоштуруу. Электр энергиясын чыгарган станциядан баштап, аны бөлүштүргөн компаниялардын кардарга жеткирген тарифтерин көзөмөлдөөнү электрондоштурушубуз керек. Ал эми тарифти көтөрүү бүгүнкү күндө мүмкүн эмес.

"Чоң-Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Асхат Осмонов.

"Жогоруда айтылгандарга кошулам. Энергетика тармагы коррупцияланышып кеткен адилетсиз, көмүскөдө иштеп жаткан уюм болуп кетти. Энергомафия деген түшүнүк бизге сиңип калды. Тетиктерди алмаштыруу үчүн саясий эрк керек. Мунун башка жолу жок. Биздин программада жазылган беш кадамдын бири энергетика тармагын жөнгө салуу. Анда ортомчуларды азайтып, инвесторлорду тартып, кайра нөлдөн баштоо керек".

4-СУРОО: Салык төлөөчүлөр менен төлөбөгөндөр дээрлик бирдей эле пенсия алышат. Салык төлөөдөн качып, иш келишимин түзбөгөндөр боюнча чоң маселе бар. Социалдык фонддогу маселелерди кантип чечесиздер?

"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Канат Мидин уулу.

"Социалдык фонддон түшкөн каражаттарды эффектидүү пайдалана албаганыбыздан көйгөйлөр жаралууда. Эгер жумушчулар пенсиянын жогору болушун кааласа иш берүүчүдөн социалдык фондго салык которулушун талап кылат. Биз пенсиялык төлөмдөр боюнча системди толугу менен өзгөртүүнү сунуштоодобуз. Мисалы, биз фондго 27,5 пайыз каражат которсок, анын 10 пайызын жумушчу өзү, калганын иш берген мекеме которот. Жумушчу тарабынан которулган сумманы банктык эсеп аркылуу көрсөк болот. Демек, жумушчу ай сайын социалдык фондго канча каражат которуп жатканын, канча сумма топтолгонун биле алат. Ал пенсия курагына келгенде топтолгон каражатты дароо алып алса деле болот. Биз аларга тандоо мүмкүнчүлүгүн беребиз.

Ал эми иш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы кызматташуу ачык-айкын болушу керек деп эсептейм. Биз салык төлөөнү жеңилдетүүнү, бирдиктүү салык кызматын түзүүнү сунуштап жатабыз".

"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов.

"Суроо бир аз туура эмес түзүлгөн. Көбүрөөк суммада салык төлөөчү салыкты аз төлөгөн же төлөбөгөндөр менен бирдей пенсия албайт. Биз социалдык төлөмдөрдү 10 же 15 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуштайбыз. Ошондо жанагы салык төлөөдөн качып көмүскө кызматташкандар болбойт. Маселени чечүүдө эки нерсени кабыл алышыбыз керек. Биринчиси, жарандарды ишке алуу боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу. Экинчиси, социалдык акча которуулардын пайыздык ченин төмөндөтүү. Биз ошондо гана бюджетти толуктай алабыз, пенсиянын наркын теңдей алабыз".

"Чоң-Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Асхат Осмонов.

"Социалдык фонд коррупционерлер чыккан. Башка өлкөлөрдөгү салык төлөмдөрүнө салыштырмалуу бизде төмөн. Эл төлөгөн салыктар максаттуу колдонулбайт деп ишенет".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-09-17 17:09:30
Ушул сүйлөп жооп бергениңердей иштесер кана!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан