"Жаштардын саясаттагы орду жок", "биздин жаштар ар тараптан күчтүү"... Шайлоого аттанган жаш талапкерлер жаштар саясаты жөнүндө эмне дешет?

16-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын дебаты болуп өттү. Ага 5 партиянын - "Социал-демократтар", "Мекенчил", "Ыйман-Нуру", "Республика" жана "Ордо" партияларынын жаштар канатынын өкүлдөрү, депутаттыкка талапкерлер катышты.

Аларга "Жаштар саясатына кандай баа бересиздер?" деген суроо берилди

"Социал-демократтар" партиясынан депутаттыкка талапкер Темирлан Султанбеков: "Мен нөл деген баа берем. Ошол эле өлкө башчыга, өкмөткө жана анын ичинде жаштар саясатына. Себеби чынчыл, акылдуу жаштардын баарын камашты, коркутушту. Алардын ордуна мурдагы жарандарыбыз бийликке келди. Ал чиновниктер алгылыктуу иш кылган жок. Мен аларды жакшы-жаман дебейм, болгону алар тенденциядан артта калышкан. Алар заманбап талаптарга жооп бере алышпайт. Өлкөдө жаштар саясатына ылайыкташкан программа жок. Мындан улам биз союз мезгилиндегидей тартипти элге сунуштап жатабыз".

"Мекенчил" партиясынан депутаттыкка талапкер Бактияр Калпаев: "Жаштар саясаты боюнча айтып кетсек, негизи тарыхты карап көрсөк, жаштардын колуна бийликти эч ким алып келип бербейт. Биринчиден, Жусуп Абрахмановду карап көрсөк, 24-25 жашында Кыргыз өлкөсүнө келип өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуп, бүгүнкү күндө көз карандысыз өлкө болгонуна көп салым кошкон. Биз, жаштар, өзүбүздүн аракетибиз менен шайлоого катышып, өзүбүз аракет жасабасак бийликти эч ким алып келип бербейт. Биздин арабыздагы талапкерлердин 45и 35 жашка чейинкилер. Биз жеңишке жетсек, ар бир министрликке жаңы технологияларды билген, жаңы замандын талабына жооп берген, жогорку билими бар жаңы адамдарды алып келебиз. Анткени биз Кыргыз өлкөсүн жаңы технологиялар менен, мүмкүнчүлүктөр менен гана өстүрө алабыз. Бизде бардык тармакта билимдүү, потенциалы күчтүү жаштар бар. Биз аларды туура пайдаланышыбыз керек".

"Ыйман-Нуру" партиясынан депутаттыкка талапкер Шумкарбек Адилбек уулу: "Белгилүү болгондой, биздин жаштар орто билимге ээ болгондон кийин көпчүлүгү Орусияга кетишет. Кээ бири болсо жогорку билимге ээ болуп алып дагы Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттерге кетишет. Демек, биздин мамлекет кадрдык курамды башка өлкөлөр үчүн даярдайт жана биздин жаштар башка мамлекеттердин экономикасын көтөрүү үчүн иштешет. Албетте, бул нерсени орунга келтирүү керек. Бул жерде мамлекет жаштарды окутууда короткон ресурстарын өзүбүзгө пайдалануу үчүн жумуш орундары менен камсыз кылуу керек. Ал эми жумуш орундарын кантип түзүү керек? Жумуш орундары инновацияда түзүлөт. Инновация дегенибиз бул жаңылануу, тагыраагы, жаңы нерселерди иштеп чыгуу же азыркы колдо бар нерсени жаңылоо болуп саналат. Ал эми биздин партия ушул нерсени сунуш кылууда. Биздин максат жаштар биринчи кезекте мекенде иштөөсүн ишке ашыруу. Ал эми бүгүнкү күндө мунун баары тескерисинче болуп жатат. Ошол себептүү биз атайын программабызда жазылган жаштар саясаты тууралуу планды ишке ашырууга даярбыз".

"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Аяз Баетов: "Мен эл аралык чөйрөдө иштеп жүргөн адам катары айтсам, биздин жаштар ар тараптан күчтүү. Чет элден көп ийгилик жаратып жүргөн жаштарды билем. Алардын көпчүлүгү мекенге кайтып келүүнү самашат. Партияда жаштар көп. Биз жаштар үчүн атайын программаларды иштеп чыкканбыз. Мисалы, келечектеги жаштарга азыртадан шарт түзүп, мектептерге кыргыз, орус жана чет тилдерин киргизүүбүз керек. Бул биздин программада бар. Биз аны ишке ашырууга аракет кылабыз. Жаштар шайлоого катышып, өздөрүнүн келечектеги Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө жардам берип шайлоого катышышы керек".

"Ордо" партиясынан депутаттыкка талапкер Кубанычбек Мурзакматов: "Бүгүнкү күндө мен оппоненттерди колдой албайм. Жаштардын саясаттагы орду эч кандай. Билим берүү системинде иштеп келген адам катары баса белгилеп кете алам, биздин жаштардын потенциалы, алдыга жылууга аракети чоң. Бирок биздин мамлекеттик системде алардын потенциалын толук ачып берүүгө жол берилбейт. Биздин жаштар көпчүлүк учурда жаштарды жөн гана колдонуп келишет. Кээ бирлери арзан жумуш күчү катары оор шартта колдонуп, жыйынтыгында маяна дагы берилбей калат. Аягында көйгөй билим берүү тармагына келип такалат. Мектептеги билим берүүдө жаштардын кандай укукка ээ экендиги айтылган эмес. Биздин программада жаштарга чоң көңүл бурабыз. Анткени жаштар биздин келечегибиз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан