Дастанбек Жумабековдон сүйүнчү пул. Жогорку Кеңеш бул боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин төрагасынын маалымат катчысы Дастанбек Жумабеков сүйүнчү пул катары берилген каражатты кайдан алгандыгы тууралуу түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, 50 миң сом Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан алынганы айтылат.

"Сүйүнчү пул катары берилген каражатты шайлоочунун добушун сатып алуу катары баалоо туура эмес. Бул шайлоо өнөктүгү жана Жумабеков аттанып жаткан партиянын үгүт иштери менен эч кандай байланышы жок. Депутаттар 4-сентябрдан 2-октябрга чейин тыныгууга кеткен. Бирок алар аймактардагы жашоочулар менен иш алып барууну улантууда. Дастанбек Жумабеков Таласка төрага катары жумушчу сапары менен барган. Анын алкагында эч кандай үгүт иштери жүргүзүлгөн эмес" , - деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

15-сентябрда социалдык тармактарда партиядан депутаттыкка талапкер Дастанбек Жумабековдун жаңы көз жарган аялга 50 миң сом сүйүнчү пул берди деген маалымат тараган.

Анда теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева Жогорку Кеңештин төрагасынын Таласка болгон иш сапарында Дастан деген ысым коюлган ымыркайдын энесине 50 миң сом бергендиги тууралуу билдирүү жарыялаган.

Көп өтпөй БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Атыр Абдрахматова дагы бул тууралуу БШКнын мүчөлөрүнө, Жумабековдун же "Кыргызстан" саясий партиясынын жоопкерчилигин карап, каттоосун жокко чыгаруу боюнча сунушумду жөнөткөнүн тууралуу пикирин билдирген.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынан Дастанбек Жумабеков боюнча маселени кароо БШКнын алдындагы ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык тобуна өткөрүлүп берилгенин маалымдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Belek1710
2020-09-17 15:13:04
Эмнеге Дастан деген ысымга Жогору кеңештин атынан берилиши керек, же акчага муктаж болбосо. Териштирүү зарыл.
+6
Tolkun555
2020-09-17 15:19:09
Уй буломдун атынан деп жатат эле го
+2
Tolkun555
2020-09-17 15:19:59
Жогорку кенештин фондунан алып,уй булосунун атынан бере береби?
+10
Belek1710
2020-09-17 15:57:55
Көрүндүк катары 5000сом кенен, ашыгы жетет го.Кызматтагы адам болсо, алдыда шайлоого аттанып атса, эмне кереги бар эле. Мен дагы саясатты түшүнбөсөм дагы туура эле ой жүгүртөм.Айзада бечара бул жагын ачып салыптыр да, башка партиядан окшойт жанында жүрүп.
+2
anash
2020-09-17 16:23:37
Айзада артык кылам деп тыртык кылыптырда
+3
KNAF
2020-09-17 16:26:56
Келгиле ушул спикер баражаткан партияны шайлабай эле койолучу жалааң Өзүнө окшогон сабатсыз аферисттер чогулушуптур.
+15
didu
2020-09-18 21:40:48
берсе алсын шайлоодо журогундогу партияны шайласын
0
Gospozhatsetok
2020-09-18 22:30:14
Ушул биздин чондор шайлоонун алдында аябай эле март болуп кетишет озу.Шайлоо бутсун буларды ит менен издеп да таба албайсын,элдин алдында куру соз берип ооз коптургондон уялышпайт деле булар. Сурай келсен жети атасын жондоп айта албагандары бар арасында. Оозу кыйшык болсо да байлыгы барлар суйлосун да азыркы заманда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан