"Кыргызстан" партиясы: "Мугалимдердин жашоосун жакшырталы!"

Кыргызстандын калкынын 9 пайызы билим берүү тармагында эмгектенет. Учурда республика боюнча 4 миңден ашык мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү, жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар. Билим берүү тармагында жалпы 108 миңге жакын мугалим эмгектенип, 1 миллион 700 миңге жакын тарбиялануучуларга, окуучуларга жана студенттерге билим жана тарбия беришет.

Жалпы билим берүүчү мектептерде 78 миңге жакын мугалим эмгектенсе, анын ичинен шаарларда 22 миң, айыл жеринде 56 миңге жакын мугалим эмгектенент. Мектептердеги мугалимдердин түйшүгү өтө оор.

Кыргыз Республикасынын "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамдын акыркы редакциясына ылайык, профилдик педагогикалык билими бар адис мектептерде мугалим болуп иштей алат. Ошол эле учурда республиканын мектептеринде эмгектенген мугалимдердин ичинен 2,5 пайызга жакыны талапка жооп бербейт, бирок кандайдыр бир адистик боюнча жогорку же орто кесиптик билимге ээ.

2019-жылы жалпы билим берүү мекемелеринде иштегендердин эмгек акылары болжол менен 30 пайызга көбөйдү. Бирок билим берүү тармагын каржылоону көбөйтүү боюнча бардык аракеттерге карабастан, мугалимдердин орточо эмгек акысы республикада орточо эмгек акынын деңгээлинен төмөн бойдон калууда.

Мугалимдердин жашоо сапатын жогорулатуу үчүн “Кыргызстан” партиясы төмөнкүлөрдү сунуштайт:

1) бюджеттен орточо эмгек акы алган мугалимдердин эмгек акылары салыктардан кийинки орточо айлык боюнча республикалык көрсөткүчтөн төмөн болсо, анда мугалимдерди киреше салыгын төлөөдөн бошотуу. Бул чара 18 миң сомдон кем алгандар үчүн эмгек акыны 10%га жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет;

2) мугалимдер үчүн белгилүү бир артыкчылыктарды камсыз кылуу:

- коммуналдык кызматтарга акы төлөөдөн бошотуу же наркын төмөндөтүү;

- 11 айдын ордуна 9 ай тынымсыз иштегенден кийин акы төлөнүүчү өргүүнү алуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу;

3) жаш мугалимдерди, анын ичинде педагогикалык ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн айыл жеринде иштөөгө стимулдаштыруу программасын иштеп чыгуу. Программа жаш мугалимдерге турак жай жана жер тилкесин, пайызсыз насыяларды берүүнү, окуучулардын санына жана сарпталган сааттарга ылайык эмгек акыларын эсептеп, "жаш мугалимдин депозитин" камсыз кылуу механизмин ишке киргизүүнү камтышы керек.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 17-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан