Депутат Дастан Бекешев: "Жашыруун добуш берүү авторитардык өлкөлөрдө болушу керек. Биз ачык добуш берсек, кимдин ким экенин көрмөкпүз"

Шайлоодо добуш берүү ачык жүрсө, жарандар арасында жоопкерчилик күчтүү болмок. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына билдирген.

Бул боюнча депутаттын өзү менен байланышканыбызда, ал төмөндөгүлөрдү кошумчалады.

"Жарандар депутаттарга нааразычылыгын шайлоого чейин билдирип келет да, парламентке өтчүлөрдү аныктоого келгенде амнезияга туш болушат. Андыктан шайлоо учурунда добуш берүү ачык болсо, ким чын эле өлкө үчүн күйөт, ким калп эле түр көрсөтөрүн билип алмакпыз. Жарандарда жоопкерчилик пайда болмок деген оюмду билдиргем. Себеби учурда элибиз үчүн эң оор мезгилдердин бири болгон июлдагы окуя унутулуп калгандай. Тигинисин деле, мунусун деле мактап жатышат. Кээ бирлери добушун сатууга чейин барып жатат. Эртең ошол эле добушун саткан адам укук коргоо органдарына барып, өлкөдөгү коррупцияга нааразы болот. Бул деген догма болуп калып жатпайбы.

Жашыруун добуш берүү Беларусь, Түркмөнстан сыяктуу авторитардык өлкөлөрдө болушу керек. Себеби ал жакта ачык эле мага добуш бербесең, жумуштан кетирем деп коркутушат. Биз демократиялуу өлкөбүз. Ачык добуш берсек кимдин ким экенин көрмөкпүз", - дейт Бекешев.

Догма - сын көз карашты тажрыйбада сынабастан, жөн эле ишенип алган далилсиз жобо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан