«Замандаштын» үгүт кербени Ноокат районунда

17-сентябрда «Замандаш» партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери Ноокат районунун тургундары менен жолукту. Жолугушууга Искендер Гаипкулов, Баткен согушунун ардагерлеринин төрагасы Канат Бакалов, Шайыргүл Баймурзаева, Эркинбек Токтошев жана Мырзажигит Маматкерим уулу катышты.

Искендер Гаипкулов алгач Ноокаттын эли менен амандашып, «Замандаш» партиясынын тарыхын, программасын жана келечекке койгон максаттарын айтып берди.

Искендер Гаипкулов:

- «Замандаш» партиясы бир гана мигранттар менен эмес, жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта иштешип келет. Эмне үчүн Ата Мекенден чыгып Замандашка кирдиң деген суроолорду көп берип жатышат, «Замандаш» партиясы туруктуу, эл менен болгондуктан «Замандаш» партиясы менен бирге бара жатам. Биздин партиянын тизмеси дыкат текшерилип, кесипкөй адамдар менен толукталган».

Искендер Гаипкулов Ноокат элине Жогорку Кеңешке аттанып жаткан талапкерлерди тааныштырып, татыктуу талапкерлер «Замандаш» партиясы менен бара жаткандыгын билдирди. Канат Бакалов өзүнүн кайрылуусунда «Замандаш» эл менен экендигин жана шайлоого элдин үнүн угузуш үчүн баратканын белгиледи.

- «Мен элдик партияны тандадым, тарыхы бар, мигранттар менен көптөн бери иштешип, башка партиялар жасабаган иштерди «Замандаш» жасап келе жатат. Бул партия биринчилерден болуп Баткен согушунун ардагерлерине жардам берген. «Замандаштын» лидери түздөн-түз ардагерлер менен иштешип, биздин иш-чараларга катышып келет».

Маматкерим уулу Мырзажигит азыркы көйгөйдү көрүп туруп четте тура албастыгын, эли, жери үчүн шайлоого аттангандыгын билдирди.

“Бул партия таза партия, таза болгондуктан тандадым, мен саясатчы болгум келбейт, мен өлкөмө жардам бергим келет”. Жолугушуунун аягында Ноокаттын ак сакалы «Замандаш» партиясына каалоо айтып, өзүнүн ак батасын берди. Искендер Гаипкулов эл менен коштошуп жатып сөзүн, -«Замандаш куру убада бербейт, «Замандаш» аткарат!»- деп жыйынтыктады.

"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 18-сентябрь, 2020-жыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2020-09-18 15:19:53
Ылайым баарына каршы жеңип чыкса экен эч кимиси өтпөй омийин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан