Бүгүн, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында Дастанбек Жумабековдун жаңы төрөлгөн балага 50 миң сом сүйүнчү пул бергени боюнча маселе каралат.
"Жумушчу топ буга чейин Жумабековдун ишин карап, аны каттоодон алуу боюнча БШКга кайрылган. БШК саат 18:00дө сунушту карайт", - деп билдирди жумушчу топтун мүчөсү Атыр Абдрахматова.