Сузактын эли "Кыргызстан" партиясын чоң жарышка ак бата менен узатышты

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Жусубали Төрөмаматов жана партиянын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Курманбек айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту.

"Кыргызстан" партиясынын программасын, платформасын угуу үчүн аталган аймактын жаштарынан тартып, улгайган адамдарына чейин чогулушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, талапкер шайлоочуларга "Кыргызстан" партиясынын “Эл үчүн” программасында өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча конкреттүү багыттар камтылганын баса белгиледи.

“Биздин максат – элдин жашоосун жакшыртуу. Ал үчүн биз салыктарды мүмкүн болушунча кыскартуу боюнча программа иштеп чыгабыз. Бул өз кезегинде өндүрүштүн өсүшүнө, инвестицияларды тартууга, эмгек акысы жогору болгон жумуш орундарынын, пенсиялардын жана жөлөк пулдардын көбөйүшүнө алып келет”, - деди Төрөмаматов.

Шайлоочулар партиянын программасы менен кеңири таанышкан соң өздөрүнүн бир катар суроолорун беришти. Ошондой эле айыл тургундары негизги көйгөйлөрү катары электр энергияга болгон баанын кымбаттыгын, ичүүчү таза суунун тартыштыгын жана Кара-Чолок айылында бала бакчанын жоктугун айтышты. Андан сырткары чакан жана орто бизнести өнүктүрүү багытында жеңилдетилген насыя алууга кызыкдар экенин ортого салышты.

Жусубали Төрөмаматов шайлоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, партиянын программасында көптөгөн маселелерди чечүүнүн жолдору каралганын баса белгиледи. Ошондой эле ал «Кыргызстан» партиясы ишкерлерди колдоо багытында жеңилдетилген насыянын жаңы механизмдерин иштеп чыга тургандыгын айтты.

Жолугушуунун соңунда айыл тургундары партиянын программасын жактырып, чын ниеттери менен “Кыргызстан” партиясын колдой турарын айтышып, ак бата менен узатышты.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан