Дүңүнөн окуудан өткөн мыйзамдар, тышкы карыздан кутулуунун жолдору боюнча суроолорго дебатка катышкан 6 партиянын жооптору (видео)

Бүгүн, 18-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын дебаты болду. Ага 6 партиянын - "Ата Мекен", "Биримдик", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Замандаш" жана "Чоң-Казат" партияларынын өкүлдөрү катышты.
"Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев.
"Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангулов.
"Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Нурсултан Кубанов.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Орозайым Нарматова.
"Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Жакшылык Матанов.
"Чоң-Казат" партиясынын жаштар канатынын лидери, депутаттыкка талапкер Бекжан Рысмендеев.
1-СУРОО: Жогорку Кеңеш мыйзамдарды топ-тобу менен кабыл алып, айрым мыйзамдарды регламенттин талаптарын эске албай окуудан тез эле өткөрүп салат. Айрым мыйзамдар кабыл алынгандан бир айдан кийин кайра чакырылып же өзгөртүү киргизилип, аткарылышын токтотуп, мөөнөтүн узарткан учурлар да аз эмес. Кээ бир адистер кабыл алынган мыйзамдар аткарууга келгенде таптакыр реалдуулукка туура келбей жатканын айтышат. Парламентке келгендер жеке кызыкчылыгын көздөп өлкөгө доо кетирген маселе бар экени айтылып келет. Мыйзам чыгаруу ишин канткенде жакшыртууга болот?
"Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев.
"Мунун эки себеби бар. Биринчиси, президент өзүнүн чегинен чыгып кеткен. Биз жаңы команда менен парламентке келип, президентти ордуна коёбуз. Өзүнүн ишкерлигин коргогон депутаттар эмес, элдин кызыкчылыгын коргогон депутаттар бар арабызда. Биз парламентти күчтөндүрүп президентти ордуна коёбуз. Өлкө башчы өкмөткө, сот системине кийлигишпей "Англия королу" болушу керек. Мыйзамды иштетишибиз керек.
Алып баруучудан кошумча суроо: "Жогорку Кеңештин негизги ишмердүүлүгүн, мыйзамдын сапатын жакшыртууга багытталган программаңыздар жок экен.
Жооп: "Саясий аренага тажрыйбалуу адамдардан турган команда керек. Кадр баарын чечет, билимдүү, эрктүү адамдар келсе мыйзамды иштете алат".
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Орозайым Нарматова. "Мыйзамды элдин көйгөйүн жон териси менен сезген, билген, түшүнгөн адамдар жаза алат. Бизнестерди манипуляциялап алгандар, базарчылар тигил жакка барып алып өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлогондугу үчүн эч качан элге ыңгайлуу мыйзам жазып бербейт. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 10 жылдан бери парламентте эмес, эл арасында жүрөт. Биздин мекендештердин конституциялык укугу бузулуп жатат. Мигранттардын көйгөйүн, жумушун билбеген депутаттар кантип мыйзам жаза алышат? Элге "Бүтүн Кыргызстан" иштеп бере алат".
"Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Жакшылык Матанов.
"Буга карата баабыз абдан төмөн. Азыр биз 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу кеп козгойлу. Кандай гана мыйзам болбосун Казакстандын, Орусиянын мыйзамдарын "кж" деп оңдоп алып жазган мыйзамдар бар экенин баарыбыз билебиз. Маалым болгондой, өнүккөн өлкөлөрдө бир жылда 5-6 эле мыйзам кабыл алынат. Жана башка мыйзамдарга керектүү өзгөртүүлөрдү гана киргизишет. Ал эми бизде кандай? Бизде пакет-пакети менен 60-70 мыйзамды бир алып кирип, бир күндө 3 окуудан кабыл алып өткөрүп коёт. Мисалга алсак, акыркы жолу Жогорку Кеңеш каникулга кетип жатканда 67 мыйзамды бир күндө 3 окуудан өткөрүп берди. ЖКнын түздөн-түз милдети мыйзам чыгаруу жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө деп айтып жатабыз. Биздин депутаттар ар бир мыйзамды карап, эртең элдин жашоосуна кандай жардам берет, бул мыйзам элдин жашоосуна тоскоолдуктарды жаратпайбы деген жоопкерчиликти алып туруп, көңүл бурушу керек. Бүгүнкү күндөгү депутаттар мыйзам менен таанышпай туруп эле кабыл алган үчүн "кнопка баскычтар" деген атты бекеринен алган жок да. Ошондуктан кыргыз элиме кайрылат элем, билимсиз депутаттарды шайлабаңыздар!"
"Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Нурсултан Кубанов.
"Бул суроого жооп берерден мурда кайрылуу жасап кетким келет. Пандемия учурунда баарыбыз көрдүк, канча деген биздин мыкты инсандар, жакындарыбыз өтүп кетти. Бирок азыр шайлоо башталып, кайра эле ошол депутаттар, мурдагы министрлер кызматка келе жатат. Мен ойлогом азыр Акылбек мырза (ред.: Жамангулов) сөзүнүн башында партиядагы депутаттардын атынан Кыргыз элинен кечирим сурайт го деп. Депутаттар каникулга чыгып кетишти да. Бирок андай сөз болгон жок. Жаштар үлгү бололу. Буга чейин деле жаштардын теледебаты болду. Бирөө дагы ушул өтүп кеткен инсандарыбызды эскерип койгон жок.

Суроо боюнча, биз санариптүү мамлекет деген долбоорубузду сунуштайбыз. Анда ар бир мекендешибиз Аpp Stor жана Play Market`тен "Бир бол" деген тиркемени жүктөп алса болот. Бул тиркеме аркылуу мыйзам долбоорлору талкууланып жатканда, аны тиркеме аркылуу элге чыгарабыз. Мисалы, жакында эле чуулгандуу болгон "маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамды депутаттардын басымдуу бөлүгү колдоду. Биздин эркиндикке шек келтирди. Бирок биз ошондой мыйзам долбоорлор чыгып жатканда элге таратып, "каршы" жана "макул" деп добушка коёбуз".
"Чоң-Казат" партиясынын жаштар канатынын лидери, депутаттыкка талапкер Бекжан Рысмендеев.
"Эң биринчиден, жогорку билими барлар парламентке келиши керек. Биз көрүп турабыз, Жогорку Кеңештин чоң курамын бул аткезчилер, базаркомдор түзөт. Алар күнүнө 67 мыйзам кабыл алганы бул мүмкүн эмес. Аларды окуп да жетишпейт. Көпчүлүк депутаттар өзү кабыл алып жаткан мыйзамды окубай, кийин "аны мен билбей туруп кабыл алыптырмын" деп айтып чыгышат. Мисалы, бир саясатчы айткандай, "мен бир күндө 4 катарды басып коём" дейт. Бул кылмыш да. Кантип эле бир киши төрт ряддын добушун басып койсун?
Биздин программабызда конфискация, люстрация жана конституциялык реформа боюнча пункттар бар".
"Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангулов.
"Жалгыз эле депутат мыйзам чыгаруунун үстүндө гана иштебейт да, 80 пайыз мыйзамды чыгарууда бул ЖКнын аппараты, секретариаттын кызматкерлери жана депутат болгон инсандардын, алардын кеңешчилери менен жардамчылары иш алып барат. Ал жакта кадрларды тандоо учурунда туура эмес, кесипкөй эмес инсандар иштеп жатканынын натыйжасы да ушул жерден чыгып жатат. Биздин партиянын парламентке баруудагы негизги максаты - акыркы 15-20 жылдагы мыйзамдарга ревизия жүргүзүү, канча мыйзам бири-бирине карама-каршы болуп жаткандарын алып чыгуу, мыйзамдарды шайкеш келтирүү, толук кандуу иштешине шарт түзүү. Мыйзамдардын санына эмес, сапатына басым жасоо бул өкмөт менен аткара турган чоң иш десем да болот. Жакшы мыйзамдар жазылган, бирок бир тобу карама-каршы иштеп жатат жана иш жүзүнө ашкан жок. Биз мунун үстүнөн иштейбиз".
2-СУРОО: Тышкы карыздын көлөмү бүгүнкү күндө 4 миллиард доллардан ашты. Пандемия шартында биздин өлкө чет элдик донорлорго кайрылууга аргасыз болду. Бюджеттин жетишсиздиги 30 миллиард сомду түзөрү болжолдонууда. Сиздердин көз карашыңыздар боюнча тышкы карызды көзөмөлдөө боюнча кандай чаралар эффективдүү?
"Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев. "Мен бул суроолорго анализ жүргүзүп көрдүм. Биздин Кытайга болгон тышкы карыздын көлөмү 1 миллиард доллардан ашат. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу тышкы кырыздын көлөмү ченден (60 пайыз) ашты. Бүгүнкү күндө бюджеттеги каражат 2 миллиарддан төмөн. Ал эми тышкы карызга эле 30 миллиард сом сарпталат. Биз эмне кылышыбыз керек? Биринчи кезекте коррупция менен күрөшүшүбүз керек. Бажыдан, салыктардан түшкөн каражат менен бюджетти толуктай албайбыз. Статистикага ылайык, Кытайдан бизге 6 миллиард долларга товар келет. Биз 1 жарым миллиард деп айтып келебиз, айырмасы 4 жарым миллиардды түзүүдө. Бажыдагы "уурулуктан" бюджетке миллиард доллар каражат түшпөй жатат. Мындан тышкары мамлекеттик органдарда деле "уурулук" болуп келет. Биз ал жакты иретке келтирип, каражаттарды бюджетке кайтарышыбыз керек. Кеч болуп кала электе Кытайга болгон карызды төлөшүбүз керек, анткени бул өлкө жерлерди тартып алат".
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Орозайым Нарматова.
"Карызга келген каражаттар максаттуу колдонулбай жатканын элеттеги элден баштап шаар тургундарына чейин маалым. Бирок биз ким менен, кантип күрөшөбүз? Баары ачык-айкын болуп турса дагы оозубузга талкан салып алгандай болуп, бүгүн биздин ишибиз бүтсө болду деп калдык. Карызга келген акчаларды уурдап алып, бизди башкарам деген уяты жоктор саясатка барып жатат. Урматтуу, мекендештер биз сатылбайлы, элим деген эр-азаматтарды колдогондо гана жаркын келечекке жетебиз деп ишенем".
"Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Жакшылык Матанов.
"Учурда мамлекеттин карызы 4 миллиарддан ашуун долларды түзөт деп айтып жатабыз. Бирок ошонун 70 пайызы - бул тышкы карыз болсо, калганы ички карызды түзөт. Чет өлкөгө болгон карыздын 70 пайызы бул Кытайдын менчик банктарына таандык. Мисалга ала турган болсок, мамлекет тышкы карызды тейлөөгө 200-250 миллион долларды сарптайт. Ал эми бул 2024-жылдан тартып 450 миллиард долларга чыгат. Эгерде бюджетте 2 миллиард доллар болгон болсо, ошонун төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Биз мындан кантип чыгышыбыз керек? Мен буга 3 жолду сунуштайт элем. Биринчиден, пандемия шартында өнүккөн эң күчтүү 20 мамлекет, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн жеңилдетүүлөрдү караган. Ошондуктан биздин өкмөт Кытайдын бийлиги менен насыянын пайызын жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Дүйнөлүк банктар менен сүйлөшүп, ал жактан дагы каражат тартыш керек. Экинчиден, өкмөттү толугу менен оптималдаштыруу зарыл. Мамлекеттин бюджетинен кетип жаткан ашыкча чыгымдарды жоюп, эң керектүү тармактарга каражатты туура, адилеттүү бөлүштүрүү керек. Үчүнчүдөн, коррупцияны жоюш керек деп айтып келебиз. Аны түп-тамырынан бери жоюп салуу мүмкүн эмес. Бирок колдон келсе, коррупционерлерди кескин кыскартууга аракет жасоо керек. Ошондо гана өнүгөбүз!"
"Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Нурсултан Кубанов.
"Бюджетке түшүп жаткан негизги каражаттардын басымдуу бөлүгү жолдорду курууга жана салууга кетип жатат. Бирок бизде эки жылдан кийин эле жолдор бузулуп баштайт. Анан кайрадан насыя, гранттык каражаттарды алып, капканга түшүп жаткандай болуп жатабыз. Ички валлдык продукт бизде 600 миллиарддан ашык каражатты түзөт. Бирок адистер анын дагы 40 пайызы көмүскө экономиканын эсебинен түшпөй жатканын айтып келишет. Бирок мен айтып кетет элем, көмүскө экономиканын айынан 40 пайыз эмес, 60 пайыздан ашык каражат бюджетке түшпөй жатат. Эсептеп көрсөңөр бизге канча салык жана башка жактардан каражат түшсө, кайра эле ошончо каражатты жоготуп жатабыз. Эгер мыкты, билимдүү кадрлар болгондо мындай маселе жаралмак эмес. Бардык маселе кадрлар менен чечилет. Коррупциянын айынан бүгүнкү күндө баары кыйналып жатат. Мугалимдер өтө аз айлык алышат. Бирок азыр шайлоо учурунда аларды акчага кызыктырып, бийликчил партияларга добуш берүүгө үгүттөп жатышат".
"Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангулов.
"Тышкы карыз боюнча жогоруда айтылып жаткан цифралар бурмаланып жатат. Биз элди адашууга түртпөшүбүз керек. Каржы министрлигинин расмий маалыматы боюнча, ушул жылдын 31-июлуна карата Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызы 4 миллиард 169 миллион долларды түзөт. Эртеби, кечпи бул карыздарды кайтарышыбыз керек, бул маселе баарыбызды кыжаалат кылат. Насыяга келген акчаларды пайызы менен төлөшүбүз керек.
Биринчи кезекте, насыяны кайдан, канча мөөнөткө жана кандай шарт менен алганыбызга ревизия жүргүзүшүбүз керек. Биздин бюджет өскөн күндө деле тышкы карызды жаап кете албайт. Ошондуктан дипломатиялык каналдар аркылуу пайыздык чендер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү абзел".
"Чоң-Казат" партиясынын жаштар канатынын лидери, депутаттыкка талапкер Бекжан Рысмендеев.
"Жанар Акаев айткандай, биз быйыл миллиард доллар карызга алганбыз, бирок Ливанга миллиарддаган доллар инвестиция салгандыгыбызды эч кимибиз сезген жокпуз. Бул акчага, мисалы, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун, Ысык-Көл аймагына баруучу жолдорду курууга мүмкүн эле. Бирок бүгүнкү күндө биз жыйынтык көрө элекпиз жана отчёт ала элекпиз. ЖКнын депутаттары каникулдан каникулга кетип жатышат. "Чоң Казат" партиясы биринчи болуп парламентке келсе, биз отчёт талап кыла
баштайбыз. Экинчиден, биздин программада мыйзамсыз алынган же мамлекеттин менчигинде турган товарларды конфискациялоо жазылган".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан