"Жаңы дем эмес эле, партиянын жеми болуп калбайсыңарбы?". Дебатка катышкан "Чоң-Казаттын" өкүлүнөн атаандаштарына суроо

Парламенттик шайлоого аттанып жаткан саясий партиялардын теледебаты уланууда. КТРКда орун алган бүгүнкү дебатка 6 партиянын - "Ата Мекен", "Биримдик", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Замандаш" жана "Чоң-Казат" партияларынын өкүлдөрү катышты.

Дебаттын жүрүшүндө партия өкүлдөрү бири-бирине суроо узатышты. "Чоң-Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Бекжан Рысмендеевдин атаандаштарына берген суроолорунан:

"Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангуловго: "Сиз геополитика дегенди кандай түшүнөсүз? Евразиялык баалуулук деген эмнени билдирет?"

Жооп: "Биздин партия программа эмес, эң биринчи идеологияны түптөдүк. Байкап көрсөк, негизги курулуштар, завод, фабрикалар, инфраструктура, жалпы эле биздин экономикабыз, саясатыбыз, тышкы жана ички карым-катнаштарыбыз социализм учурунда калыптанган. Бүгүнкү күнгө чейин анын жакшы жактарын көрүп келе жатабыз. Экинчиден, мамлекетибиз башынан көп сыноолорду өткөрдү. Ошого карабастан элибиз эгемендигин жана демократиялык принциптерин, сөз эркиндигин сактап калды. Ошондуктан биз демократиялык-социализмди калыптандырабыз деген максатты койдук. Евразиялык тандоо дегенибиз - кыргыздар илгертен эле кошуна мамлекеттер менен мамиле түзүп келген. Азыркы реалдуу жашоодо да экономикалык, саясий жашообуз коңшу мамлекеттер менен тыгыз байланышта. Мисалы, пандемия шартында Кыргыз-Казак чек арасы жабылып көптөгөн экономикалык кыйынчылыктарды тарттык".

"Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтагазиевге суроо: "Учурдагы ботконун автору "Ата Мекен" партиясы. Анткени 29 жылдан бери бийликте жүрөт. "Жаңы дем" деп ачтыңар? Жаңы дем эмес эле, "Ата Мекендин" жеми болуп калбайсыңарбы?"

Жооп: "Азыркы ботконун себепкери учурундагы жана азыркы бийлик. "Ата Мекен" партиясы акыркы чакырылышта 11 эле депутат менен барган. "Кумтөр" маселеси боюнча элдин тарабында турган. Мисалга алсак, мөңгүлөр талкалансын дегенде башка партиялардын өкүлдөрү макул болуп, "Ата Мекен" жана азыркы "Жаңы демдин" мүчөлөрү каршы чыккан. Азыркы дебатты өткөрүп жатканыбыздын себепкери, шайлоонун таза өтүшүнө эң чоң салым кошкон так ушул "Ата Мекен" партиясы. Демек, боткону бийликти узурпациялап алгандар жасаган. Убагы келгенде биз аларга укуктук баа беребиз".

"Замандаш" партиясынын талапкери Жакшылык Матановго суроо: "Сиздер маркум Мухтар Өмүракуновдун сүрөтүн баннерлерге илип жатасыздар? Ошол эле маалда партиянын тизмесинде Элмурза Сатыбалдиев жүрөт. Ал киши убагында Өмүракуновго каршы иш козгогон. Бул нерсе силердин принциптериңерге каршы келбейби?"

Жооп: "Биринчиден, баннерлерге сүрөтү илинди дегенди тактап айтсаңыз жакшы болмок. Ат-Башыга бир гана баннер илинген. Бул баннер партия тарабынан эмес, үй-бүлөсү тарабынан илинген болчу. Экинчиден, архивди карап чыксаңыз, Мухтар Өмүракуновго иш козгогондордун арасында Элмурза Сатыбалдиев жок".

"Бир бол" партиясынын талапкери Нурсултан Кубановго суроо: "Мурашевдин кабинетине фермерлер келип, чириген картошканы төккөн. Мурашевди эмнеден улам шайлоого алып келдиңер?

Жооп: "Нурбек Мурашевге болгон сокку бул жөн гана дискредитация болгон деп кыскача жооп берем".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан