Анда партия өкүлдөрү бири-бирине суроо узатышты. "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын лидери, депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиевдин атаандаштарына берген суроолорунан:
"Биримдик" партиясынын талапкери Акылбек Жамангуловго берген суроосу: "2019-жылдын биринчи кварталында "Альфа Телеком" (Мегаком) 300 миллион салыкты төлөптүр. Ал эми 2020-жылы салыктын өлчөмү 35 миллион сомго түшүп кеткен. Дээрлик 80 пайызга салык төлөөнүн түшүп кетишинин себеби эмнеде?"
Жооп: "Сиздин маалымат туура эмес. Бизде, тескеринче, 28 пайызга өсүш болду. "Мегаком" компаниясы башка менчик компанияларга караганда салык инспекциясына өкмөттүн сурамы боюнча салыктарды алдын ала төлөп келет".
"Биримдик" партиясынын талапкери Акылбек Жамангуловго суроо: "Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышындагы 31 депутат сиздердин партиядан келип жатыптыр. Пандемия учурунда каникулга чыгып кеткен депутаттардын 7-чакырылышка келгенге моралдык укугу барбы?"
Жооп: "Мен биздин тизмеге кирген депутаттар үчүн жооп бергенден алысмын. Алар азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары, бүгүнкү күнгө чейин мандаттарына ээ. Бир жылдын ичинде жаңы түзүлгөн "Биримдик" партиясы 7-чакырылыштагы парламентке жаңы кадамдар менен кирип бара жатабыз".
"Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын талапкери Тилек Токтогазиевдин "Биримдик" партиясынын талапкери Акылбек Жамангуловго берген суроолору.