"Бүтүн Кыргызстан" мигранттарга жардам берүү жагын "Замандаштан" талашпай деле койсо болот". Шайлоого аттанган партиялардын дебаттагы суроо-жооптору

Парламенттик шайлоого аттанып жаткан саясий партиялардын теледебаты уланууда. КТРКда орун алган бүгүнкү дебатка 6 партиянын - "Ата Мекен", "Биримдик", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Замандаш" жана "Чоң Казат" партияларынын жаштар канатынын лидерлери катышты.

Партия өкүлдөрү 3-раундда бири-бирине суроо узатышты. "Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Жакшылык Матановдун атаандаштарына берген суроолорунан:

"Биримдик" партиясынан Акылбек Жамангуловго суроо: "Айтууңуздар боюнча жаңы кадам, жаштар менен шайлоого аттанып жатасыздар. Тизмеңиздерде мурдагы чакырылыштын 30дан ашык өкүлү бар экен, аларды кошуп алып кантип жаңы кадам деп атасыздар?

Жооп: "Биринчиден, жаңы кадам деп айткан жокпуз. Биз баарыбыз тең укуктуу мамлекетте жашайбыз. Мыйзамга ылайык, өлкөнүн бардык жарандары (иш козголуп же соттун чечими чыкпаса, экинчиден башка мамлекеттин жараны болбосо) талапкер болууга толук укугу бар. Экинчиден, сиз айткан мурдагы чакырылыштын депутаттары бардык эле партиялардын катарында бар. Үчүнчүдөн, талапкерлердин мыйзамдык укуктарын чектөөгө бир дагы адам акылуу эмес. Ал элдин добушуна ээ болсо, албетте, депутат болуп, элге кызматын өтөш керек".

Ал эми "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангуловдун суроосу "Чоң Казат" партиясынын өкүлүнө берилди: "Силердин лидериңер 200 чарчы метр батирде жашап, акыркы үлгүдөгү жол тандабас айдап жүрөт. Бирок декларациясында бул мүлктүн баары көрсөтүлбөптүр, ал кишинин дагы мүлкүн конфискация кыласыздарбы?"

Жооп: "Өзүңүз жооп берип көнгөндөй, ал кишинин өзүнөн сураңыз".

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Орозайым Нарматова "Замандаш" партиясына гана суроо берүүгө үлгүрдү. "Лидериңер Орусияга барып "силердин көйгөйүңөрдү чечкенге араңардан талапкер чыгыш керек" деген. Бирок катарыңарга андай адамдарды кошо алган жок. Бул мигранттардын атын колдонуу болуп калабы же аларды алдоо болобу?"

Жооп: "Бүтүн Кыргызстан" партиясы мигранттарга жардам берүү жагынан "Замандаштан" талашпай деле койсо болот. Биздин партия 13 жылдан бери укуктук, финансылык жактан мигранттарга жардам берип келген. Бүгүн жаштар лидериңерге жактоочу болуп жатасыңар, бул уят.

Биздин лидерди мигранттарды катарыбызга кошобуз деп кошпой койду деп жатасыздар. Силер биринчи өзүңөрдү билип алгылачы. Канча жылдан бери "Мадумаров үчүн өлөм" деген жаштар катарыңардан чыгып кетпедиби".

"Бир Бол" партиясынын өкүлү Нурсултан Кубановдон "Чоң Казат" партиясына берген суроосу: "Туризм багытындагы негизги аткара ала турган кандай программаңар бар?

Жооп: "Туризмди өнүктүрүүнү комплекстүү караш керек. Биринчиден, аэропорт жана транспортторду жаңылоо. Экинчи - бул сервис. Бизде тилекке каршы, сервис өтө төмөн. Өлкөгө келген туристтер үчүн эң биринчи кызмат көрсөтүүлөр маанилүү".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond
2020-09-19 21:38:16
Москвада он беш жыл жашадым Замандаштын з тамгасын тааныбайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан