"Биримдик" №1. Замирбек Осмонов: “Учурдагы шайлоо – программа, идеялардын жарышы болсун”

“Биримдик” демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясынын үгүт иш-чаралары Баткен облусунун Лейлек районунун борбору Исфана шаарына жетти. Үгүт иштеринин ачылышы Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. Андан кийин ар бир кандидат тууралуу маалымат берилди. Алгач сөз “Биримдик” партиясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаровго тийди. Ал ар бир жаран акчага алданбай, жүрөк менен келечекти тандоосу керек деп баса белгиледи. Ал эми Лейлек жергесинен чыккан талапкер Замирбек Осмонов тууралуу мындай деди: “Бул киши өкмөттүн туура эмес кадамдарын оңдоп, жолго салган. Ал жергиликтүү, райондук, облустук деңгээлде эмес, жалпы Кыргызстандын деңгээлинде иштеп бере турган инсан”.

Замирбек Осмонов: “Лейлек эли ысымы ар бирибизге ыйык тумарга айланган Исхак Разаковдун жердештери, таза, касиеттүү эл. Бул жерден Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түзгөн, мамлекетти башкарган инсандарыбыз чыккан. Келечегибиз кең болсун десек, өткөн тарыхты сыйлашыбыз керек. Таберик кылып калтырган мамлекетти сакташыбыз керек”.

Ошондой эле ички-тышкы миграциянын себептерине токтолуп, мындай деди: “Экономикабыздын чабалдыгы, интеграцияланбаганы, ресурстардын жетишсиздиги, анын ичинде өндүрүлгөн продукцияга талаптын жоктугунан улам иш орундары жок. Мына ушундан улам күчкө толуп турган эр-азаматтарыбыз четке чыгып кетүүдѳ”.

Талапкердин айтымында, экономикалык саясаттын негизги милдеттери бул - экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жана калктын реалдуу кирешесин көбөйтүүгө жетишүү. “Мына ошондо гана мигранттарыбыз өз мекенине кайтып келип кызмат кылат”, - дейт Замирбек Осмонов.

Андан ары Замирбек Осмонов буларга токтолду: “Шарты оор Маргун айылына бардык. Ошол эл биздин программаны угуп, чет жактагы мигранттар чалды дешти. Шайлоодо акча албагыла, жетпесе биз жиберели. Акча алсаңар, турмушубуз, мамлекет оңолбойт, мамлекет оңолбогондон кийин биз мигранттар кайтып барышыбыз кыйын дегенди айтышыптыр. Биз мигранттарыбыз кайтып келиши үчүн мамлекетибизди оңдошубуз керек”.

Талапкер Замирбек Осмонов тѳмѳнкүчѳ сѳзүн жыйынтыктады: “Лейлектин эли реалдуу программа сунуштаган “Биримдик” партиясын шайлап бересиздер деп ишенем. Учурдагы шайлоо – программа, идеялардын жарышы болсун. Келечекте мүдүрүлбөй биздин эл да башка элдердей татыктуу жашаса деп алдыңыздарда турабыз. Калыстыктан тайбай татыктууларды, элим деп жүрѳгү соккон, кыргыз элинин кадырын бийик койгон, мамлекетти алдыга сүрөй турган адамдарды тандап аласыздар деп ишенем!”.

"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 19-сентябрь, 2020-жыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан